Башкы Жаңылыктар Түркиядагы кезексиз парламенттик жана президенттик шайлоолордо добуштардын 99% …

Түркиядагы кезексиз парламенттик жана президенттик шайлоолордо добуштардын 99% эсептелди

25-Июн, 2018

 Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Катчылыгынын жана Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешинин (ТМКК) чакыруусу боюнча КР БШКнын делегациясы 2018-жылдын 24-июнунда болуп өткөн кезексиз парламенттик жана президенттик шайлоолордо добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүгө катышты.
ШКУнун Миссиясынын курамына КР БШКнын төрагасынын орун басары А.Бекматов жана Ош облусундагы Кара-Суу АШКнын атайын өкүлү Ж.Джоробаев, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин Миссиясынын курамына КР БШКнын төрагасынын орун басары А.Эшимов, КР БШКнын Аппарат башчысы М.Коңурбаев кирди.
БШКнын делегациясынын шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүү программасынын алкагында Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Сади Гювен менен жолугушуу, шайлоо алдындагы чогулушка катышуу, Анкара, Стамбул жана Анталия шаарларындагы бир катар участкалардагы шайлоо процессине байкоо жүргүзүү жана байкоо жүргүзүү миссиясынын жыйынтыктарын чыгаруу боюнча пресс-конференциясына катышуулар болду.
КР БШКнын төрагасынын орун басары А.Бекматов Түрк Республикасындагы кезексиз Президенттик жана Парламенттик шайлоолорду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар Миссиясынын пресс-конференциясына катышып, шайлоолор мыйзамдарга ылайык өткөндүгүн, шайлоолорду уюштуруу жогорку деңгээлде болгондугун белгиледи. Ал шайлоочулардын активдүүлүгүн, шайлоолордун ачык жана айкындыгын камсыз кылуу, технологиялык инновацияларды киргизүү боюнча Түркиянын БШКнын план ченемдүү жана ырааттуу иштерин өзгөчө белгиледи.  Бардык деңгээлдеги шайлоо комиссиялардын мүчөлөрүнүн иши кесипкөйлүк деңгээлде экендиги белгиленди. 
Жекшемби күнкү кезексиз президенттик жана парламенттик шайлоолордогу шайлоо бюллетенине Эрдогандын (Адилеттик жана өнүгүү башкаруучу партиясынан), Мухаррем Индженин (негизги оппозициялык Элдик-республикалык партиядан), Селахеттин Демирташтын (күрддөргө жакын Элдердин демократиялык партиясынан), Мераль Акшенердин (Жакшы партиядан), Темель Карамоллаоглунун (Бакыт партиясынан) жана Догу Перинчектин (“Мекен” партиясынан) фамилиялары киргизилген.
Президенттик шайлоолордогу добуш берүүнүн натыйжалары боюнча 99,16% добуштар эсептелип, маалыматтар боюнча азыркы президент Реджеп Эрдоган – 52,55% менен жеңди. Анын жакынкы атаандашы Мухаррем Инджеде 30,67%.

Добуштардын 99,10% эсептелген парламенттик шайлоолордо, мандаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:                                                    Адилеттик жана өнүгүү партиясы – АКР – 42,49% жана 293 орун.                       
Улутчулдук кыймыл Партиясы – МНР – 11,19% жана 50 орун. Жалпы жонунан “Элдик альянс” 342 парламенттик орун алат.  Республикалык элдик партияда – СНР – 22,7% жана 146 орун.  “Жакшы партияда” (жаш улутчулдар) – 44 орун. “Фелисити” партиясы – SP болгону 1,4% добуш алып, бир да мандатка жеткен жок.  Күрддөргө жакын Элдик демократиялык партия (HDP) 11,2% добуш алып, парламентте 67 орун алат.
Түркиянын бир палаталуу парламентинде 600 орун бар.


КР БШКнын Аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>