Башкы Жаңылыктар БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекованын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык …

БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекованын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу

22-Июн, 2018

Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери!

Урматтуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери, атайын өкүлдөрү жана системалык администраторлору!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди кесиптик майрам – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү менен куттуктоого уруксат этиңиздер.

Мамлекеттик кызматчы болуу – бул жигер, күн сайын ак ниеттүү, сапаттуу эмгекти, өз учурунда туура чечимдерди жана чечкиндүү аракеттерди көрүүнү, жоопкерчиликтин жогорку деңгээлин, жарандык жана кесипкөйлүк эстүүлүктү талап кылган ардактуу жана жооптуу милдет.

Учурдан пайдаланып, Кыргызстанда демократиялуу, ачык-айкын жана атаандаштык шайлоолорду уюштурууга жана өткөрүүгө, шайлоо системасын реформалоону ишке ашырууга кошкон салымыңыздар үчүн Сиздерге ыраазычылык билдирем. Сиздердин кесипкөй жана жоопкечиликтүү мамилеңиздерсиз, өлкөбүздүн туруктуу жана ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн шайлоо процессинин маанилүүлүгүн Сиздердин жана жалпы командабыздын жогорку түшүнүүңүздөрсүз, ар бириңиздердин күн сайын тер төгүп аракеттенүүңүздөрсүз биздин өлкөбүз сыймыктанчу бул жетишкендиктерге жетишүү мүмкүн эмес болчу!

Биздин алдыбызда шайлоо укуктарын жана шайлоолорду уюштуруу тажрыйбасын өркүндөтүү боюнча жаңы өлкөн милдеттер турат. Жарандардын шайлоолорго толук кандуу катышуусун жана алардын өз эркин азат билдирүүсүн камсыздоо, ишенимди бекемдөө үчүн мүмкүн болгондун баарын биргеликте жасоо менен өлкөбүздөгү тынчтыкка жана биримдикке түрткү беребиз деп ишенемин!

Сиздерге чын дилимден чың ден соолук, бейпилдик, ынтымак, үй-бүлөлүк бакубаттуулук, Кыргызстан калкына кызмат кылуу жагындагы асыл иштериңизде жана өзүңүздөрдүн кесиптик чеберчиликти арттырууда ийгиликтерди каалайм!

 

Урматтоом менен,

КР БШКнын төрагасы    Н.Шайлдабекова

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>