KG
|
RU
A+
Тамганын өлчөмү
A
A+
A++
Ак-кара версия
Тазалоо
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кайрылуу жөнөтүү
Ишеним телефону:
1255
•
0(312) 660240
Башкы
БШК
Курамы
Түзүмү
Шайлоо комиссиялары
БШКнын ишмердүүлүгү жөнүндө
Актуалдуу пикирлер жана комментарийлер
Фотогалерея
Видео
Аудио
Байланышуу
Жаңылыктар
Шайлоочулар
Шайлоочулардын укугу
Шайлоо округу жана чектери
Добуш берүүнүн тартиби
Шайлоочулардын тизмеси
Арыз берүү формасынын үлгүсү
Өзүңүздү шайлоочулардын тизмесинен тактаңыз
Шайлоочулардын тизмесин түзүү ж-а тактоо б-ча БШКнын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттешүү тартиби Жобо
МБЖнын шайлоо укуктары
Шайлоочулардын «Тизме» мамлекеттик порталы жѳнүндѳ Жобо
Талапкерлер
Талапкерлерди көрсөтүү
Талапкерлердин статусу
Талапкерлердин тизмеси
Талапкерлерди жана талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн иш кагаздардын формалары жана үлгүлөрү
КРнын Президентинин кызмат ордуна талапкер үчүн КОЛДОНМО
КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер үчүн КОЛДОНМО
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкер үчүн КОЛДОНМО
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун иши жөнүндө Жобо
Талапкерлердин шайлоо фонду жөнүндө Нускама
Мыйзамдар
КР Конституциясы
КР Конституциялык мыйзамдары
КРнын кодекстери
КРнын мыйзамдары
КР Президентинин жарлыктары
КР Жогорку Кеңешинин токтомдору
БШКнын ЧУАлары
БШКнын Регламенти
Токтомдор
Жыйындар
БШКнын Жоболору
БШКнын Чечимдери
Архив
Шайлоо
КРнын Президентин шайлоо-2027
Шайлоо март-2026
Шайлоо ноябрь-2025
Шайлоо ноябрь-2024
Шайлоо сентябрь-2024
Шайлоо июнь -2024
Шайлоо апрель -2024
Шайлоо октябрь-2023
Шайлоо сентябрь-2023
Шайлоо май-2023
Шайлоо апрель-2023 Жерг.кеңеш
Шайлоо октябрь-2022 Жерг.кеңеш
Шайлоо апрель-2022 Жерг.кеңеш
Шайлоо февраль - 2022
Шайлоо ноябрь-2021
Шайлоо ноябрь-2021 Жерг.кенеш
Шайлоо июль-2021
Шайлоо апрель-2021
КРнын Президентин шайлоо-2021
Шайлоо октябрь-2020
Шайлоо апрель-2020
Шайлоо сентябрь-2019
Шайлоо май-2019
Шайлоо декабрь-2018
Шайлоо август-2018
Шайлоо май-2018
Шайлоо январь-2018
Добуш берүүнүн жыйынтыктарын билүү
КРнын Президентин шайлоо-2017
Шайлоо сентябрь-2017
Шайлоо май-2017
Шайлоо декабрь-2016
Шайлоо май-2016
Референдум
КРнын Конституциясы жөнүндө КРнын Мыйзамынын долбоору боюнча КРнын референдуму (бүткүл элдик добуш берүү) 2021-жылдын 11-апрели
Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча КРнын референдуму (бүткүл элдик добуш берүү) - 2021-жылдын 10-январы
КРнын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө КРнын Мыйзамынын долбоору боюнча КРнын референдуму - 2021-жылдын 11-апрели
Башкы
БШК
Курамы
Түзүмү
Шайлоо комиссиялары
БШКнын ишмердүүлүгү жөнүндө
Актуалдуу пикирлер жана комментарийлер
Фотогалерея
Видео
Аудио
Байланышуу
Жаңылыктар
Шайлоочулар
Шайлоочулардын укугу
Шайлоо округу жана чектери
Добуш берүүнүн тартиби
Шайлоочулардын тизмеси
Арыз берүү формасынын үлгүсү
Өзүңүздү шайлоочулардын тизмесинен тактаңыз
Шайлоочулардын тизмесин түзүү ж-а тактоо б-ча БШКнын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттешүү тартиби Жобо
МБЖнын шайлоо укуктары
Шайлоочулардын «Тизме» мамлекеттик порталы жѳнүндѳ Жобо
Талапкерлер
Талапкерлерди көрсөтүү
Талапкерлердин статусу
Талапкерлердин тизмеси
Талапкерлерди жана талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн иш кагаздардын формалары жана үлгүлөрү
КРнын Президентинин кызмат ордуна талапкер үчүн КОЛДОНМО
КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер үчүн КОЛДОНМО
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкер үчүн КОЛДОНМО
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун иши жөнүндө Жобо
Талапкерлердин шайлоо фонду жөнүндө Нускама
Мыйзамдар
КР Конституциясы
КР Конституциялык мыйзамдары
КРнын кодекстери
КРнын мыйзамдары
КР Президентинин жарлыктары
КР Жогорку Кеңешинин токтомдору
БШКнын ЧУАлары
БШКнын Регламенти
Токтомдор
Жыйындар
БШКнын Жоболору
БШКнын Чечимдери
Архив
Шайлоо
КРнын Президентин шайлоо-2027
Шайлоо март-2026
Шайлоо ноябрь-2025
Шайлоо ноябрь-2024
Шайлоо сентябрь-2024
Шайлоо июнь -2024
Шайлоо апрель -2024
Шайлоо октябрь-2023
Шайлоо сентябрь-2023
Шайлоо май-2023
Шайлоо апрель-2023 Жерг.кеңеш
Шайлоо октябрь-2022 Жерг.кеңеш
Шайлоо апрель-2022 Жерг.кеңеш
Шайлоо февраль - 2022
Шайлоо ноябрь-2021
Шайлоо ноябрь-2021 Жерг.кенеш
Шайлоо июль-2021
Шайлоо апрель-2021
КРнын Президентин шайлоо-2021
Шайлоо октябрь-2020
Шайлоо апрель-2020
Шайлоо сентябрь-2019
Шайлоо май-2019
Шайлоо декабрь-2018
Шайлоо август-2018
Шайлоо май-2018
Шайлоо январь-2018
Добуш берүүнүн жыйынтыктарын билүү
КРнын Президентин шайлоо-2017
Шайлоо сентябрь-2017
Шайлоо май-2017
Шайлоо декабрь-2016
Шайлоо май-2016
Референдум
КРнын Конституциясы жөнүндө КРнын Мыйзамынын долбоору боюнча КРнын референдуму (бүткүл элдик добуш берүү) 2021-жылдын 11-апрели
Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча КРнын референдуму (бүткүл элдик добуш берүү) - 2021-жылдын 10-январы
КРнын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө КРнын Мыйзамынын долбоору боюнча КРнын референдуму - 2021-жылдын 11-апрели
Башкы
Жаңылыктар
-
-
15-Июн, 2018
-
Башка жаңылыктар
Бардык жаңылыктар
19-Ноя, 2026
КР БШКсы түшүндүрмө берет: «Түндүк» аркылуу кол тамгаларды чогултуу кызматы добуш берүү системасы болуп саналбайт жана чогултулган кол тамгалардын саны шайлоонун жыйынтыгына таасир этпейт
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы мамлекеттик «Түндүк» тиркемесинде жана «Кол топтоо» сайтында (https://talapkerkoldoo.srs.kg) шарттуу талапкердин тесттик жазуусунун пайда болушуна байланыштуу кырдаалды түшүндүрөт.2026-жылдын 18-ноябрында президенттик шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоо инфраструктурасын жана маалыматтык системаларды жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүлгөн.«Кызмат» мамлекеттик мекемесинин жана «Түндүк» системасынын техникалык операторлорунун маалыматына ылайык, тестирлөөнүн жүрүшүндө тесттик жазуулардын бири Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдоо үчүн электрондук кол тамгаларды чогултуу сервисинде жаңылыштык менен көрсөтүлүп калган.Техникалык ката өз убагында аныкталып, ыкчам түрдө жоюлган. «Түндүк» системасынын операторлору тарабынан берилген маалыматтарга ылайык, кайра жүргүзүлгөн текшерүүдө ката маалыматтын чагылдырылышына гана тиешелүү болгондугу жана системанын иш жүзүндөгү маалыматтарына, анын ичинде чыныгы талапкерлерди колдоо үчүн чогултулган электрондук кол тамгаларга таасирин тийгизбегендиги тастыкталган.Ошол эле учурда эки өз алдынча шайлоо жол-жобосун: талапкерлерди колдоо үчүн кол тамгаларды чогултууну жана президенттик шайлоодо түздөн-түз добуш берүүнү так айырмалоо зарыл.Учурда жарандар «Түндүк» тиркемеси аркылуу тигил же бул талапкердин көрсөтүлүшүн колдой алышат. Мыйзамдарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары катталуу үчүн шайлоочулардын кеминде 30 миң кол тамгасын чогултуу талап кылынат.Электрондук кол тамга талапкердин көрсөтүлүшүн колдоону билдирет жана каттоо жол-жобосунан өтүү үчүн зарыл. Ал шайлоодо талапкер үчүн берилген добуш болуп эсептелбейт, жаранды кийинчерээк ошол талапкерге добуш берүүгө милдеттендирбейт жана президенттик шайлоонун жыйынтыгын аныктоодо эске алынбайт.Добуш берүү 2027-жылдын 27-январында шайлоо участкаларында өткөрүлөт. Шайлоочулар белгиленген идентификациялоо жол-жобосунан өтүп, шайлоо бюллетендерин алышат жана жашыруун добуш берүү шарттарында өз тандоосун жасашат.Аралыктан добуш берүүдө да жаран шайлоо участогуна жеке өзү келүүгө тийиш. Ал идентификациялоодон өткөндөн кийин ага шайлоо бюллетени басып чыгарылып берилет. Толтурулган бюллетень автоматтык эсептөөчү урнага салынат. Мыйзамдарда шайлоо жол-жоболорун көзөмөлдөө, бюллетендерди саноо жана байкоочулардын катышуусу каралган.Демек, «Түндүк» аркылуу кол тамгаларды чогултуу кызматы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүү системасы болуп саналбайт жана чогултулган кол тамгалардын саны шайлоонун жыйынтыгын аныктабайт.Ошондуктан кол тамгаларды чогултуу сервисинде тесттик жазуунун жаңылыштык менен көрсөтүлүп калышы өзүнөн-өзү добуш берүүгө кийлигишүү болгонун билдирбейт. Аныкталган ката жоюлуп, чыныгы талапкерлерди колдоо үчүн берилген кол тамгаларды эсепке алууга таасирин тийгизген эмес.Аныкталган жагдайлардын негизинде бул техникалык окуяны алдыдагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү менен байланыштырууга негиз жок.Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо жол-жоболорунун сакталышын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдоо үчүн шайлоочулардын кол тамгаларын эсепке алуунун тактыгын камсыз кылуу боюнча көзөмөлдү улантууда.
Кененирээк билүү >>
18-Ноя, 2026
Кыргызстанда шайлоо системасы жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүүдө
Бүгүн, 18-ноябрда, өлкө боюнча Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында шайлоо инфраструктурасын жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүлүүдө. Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.Тестирлөө өлкө боюнча 2 492 шайлоо участогун, ошондой эле Бишкек шаарындагы «Дордой Плаза» соода борборунда жайгашкан аралыктан добуш берүү участогун камтыйт.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров аталган участокко барып, аралыктан добуш берүү тартибин көрсөтүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.Тестирлөөнүн негизги максаты — шайлоо инфраструктурасынын жана техникалык жабдуулардын алдыдагы президенттик шайлоого даярдыгын текшерүү.
Кененирээк билүү >>
17-Ноя, 2026
КР БШКсы Rise Up Kyrgyzstan жаштар демилгелүү тобу менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду
17-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында БШКнын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБШТБ) менен Rise Up Kyrgyzstan жаштар демилгелүү тобунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Кызматташтык «Жаштардын тандоосу - келечек биздин колубузда» аттуу билим берүү демилгесин ишке ашырууга багытталган.Программа студенттердин жарандык жана шайлоо сабаттуулугун жогорулатууга, сынчыл ой жүгүртүүсүн жана медиасабаттуулугун өнүктүрүүгө багытталган. Ал 2026-жылдын 18-ноябрынан 18-декабрына чейин Бишкек шаарында өткөрүлүп, борбор калаадагы сегиз жогорку окуу жайынан 40 студентти камтыйт.Катышуучуларды шайлоо мыйзамдары, шайлоо укуктары жана добуш берүү жол-жоболору боюнча лекциялар, семинарлар жана практикалык сабактар, ошондой эле медиасабаттуулук жана жалган маалыматтарга каршы аракеттенүү боюнча тренингдер күтөт. Программанын жыйынтыгында университеттер аралык сынак өткөрүлүп, анда студенттерден түзүлгөн сегиз команда өз демилгелерин сунуштайт.Бул жаштар демилгесинин автору жана демилгечиси - Rise Up Kyrgyzstan тобу. Анын өкүлдөрү демилгенин концепциясын иштеп чыгып, иш-чаралардын календардык планын даярдап, кызматташуу сунушу менен КР БШКга кайрылышкан.Меморандумга БШКнын алдындагы ЖБШТБнын директору Анара Бейшембаева жана Rise Up Kyrgyzstan тобунун жетекчиси Нурмира Мурзакматова кол коюшту.«Жаштардын шайлоо процесси тууралуу билимин кеңейтүүгө болгон умтулуусун кубаттайбыз. Бул демилгенин өзгөчөлүгү - аны жаштардын өздөрү иштеп чыгышкан. Борбор зарыл болгон эксперттик жана усулдук колдоо көрсөтүүгө даяр», - деп белгиледи А. Бейшембаева.«Жаштар ишенимдүү маалымат алып, өздөрүнүн жарандык укуктары менен милдеттерин билип, коомдук турмушка аң-сезимдүү катышуусу биз үчүн маанилүү. Биздин демилгебиз колдоо тапканына кубанычтабыз», - деп баса белгиледи Н. Мурзакматова.2026-жылдын ноябрь айында Rise Up Kyrgyzstan тобу аталган демилгени Берлин шаарында өткөн Germany & Central Asia 2027 эл аралык форумунда да тааныштырган. Германиянын Copernicus Berlin уюму демилгеге кызыгуу билдирип, аны эл аралык аудиторияга чыгарууга сунуштаган.Тараптардын кызматташтыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ыктыярдуулук, өз ара урматтоо, ачыктык жана саясий бейтараптуулук принциптеринин негизинде жүргүзүлөт. Демилге билим берүү мүнөзүнө ээ.
Кененирээк билүү >>
13-Ноя, 2026
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады
Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктады. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, президенттик шайлоого катышууга 11 адам ат салышууда.Учурда талапкерлерди колдоо максатында шайлоочулардын электрондук кол тамгаларын чогултуу уланууда. Бул этап 2026-жылдын 8-декабрына чейин созулат. Мыйзамдарга ылайык, каттоодон өтүү үчүн ар бир талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултууга тийиш.Каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 13-декабрына чейин уланат. Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жетишпеген документтерди белгиленген тартипте тапшыра алышат.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 23-декабрына чейин жүргүзүлөт.Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.
Кененирээк билүү >>