2018-жылдын 20-июнунда Ак-Кыя жана Казыбек айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды, Токтогул шаарынын мэри, Кара-Жыгач жана Көк-Арт айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланбай калды

20 июня 2018

2018-жылдын 20-июнунда Кочкор районундагы Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы жана Ат-Башы районундагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды.  Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарынын мэри, Аксы районундагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн жана Сузак районундагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчылары шайланбай калды.

Натыйжада:

- Алдын ала маалыматтар боюнча, Нарын облусунун Кочкор районундагы Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 15 добуш алган Турдубеков Тилек Рысбекович шайланды. Башчылык орунга 2 талапкер ат салышкан. Ак-Кыя айылдык кеңешинде бардыгы болуп 21 депутат бар, алардын 20сы катышты;

- Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, алдын ала маалыматтар боюнча 6 добуш алган Докое Руслан Үсөнович шайланда. Башчылык орунга 2 талапкер катталган.  Казыбек айылдык кеңешинде бардыгы болуп 11 депутат бар, алардын 11 тең катышты;

- Токтогул шаарында мэрди шайлоо кайра өткөрүлөт. Талапкерлер добуштардын зарыл болгон санын албагандыктан Токтогул шаарынын мэрин шайлоо болбой калды.  Токтогул шаардык кеңешинде бардыгы болуп 21 депутат бар, алардын 21 тең катышты. Мэрлик кызматка 2 талапкер ат салышып, экөө тең 10 добуштан алышты, бир добуш баарына каршы болду;

- Талапкерлер добуштардын зарыл болгон санын албагандыктан Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды. Кара-Жыгач айылдык кеңешинде 21 депутат болуп, бардык 21 тең катышты.  Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер ат салышты;

- Талапкерлер добуштардын зарыл болгон санын албагандыктан Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды.  Бардыгы болуп, Көк-Арт айылдык кеңешинде 21 депутат бар болуп, бардык 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 4 талапкер катталган.

Маалымат катары: Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 49-беренесинин 3, 4-пункттарына ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

Тиешелүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.

Эгерде:

- катталган бир талапкер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;

- эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;

- экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер добуштардын көбүрөөк тең санын алса, ал эми башка талапкерлер азыраак добуш алса, добуштардын көбүрөөк тең санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт.

Добуш берүүнүн ушул беренеде каралбаган натыйжаларын аныктоодо башка кырдаалдар келип чыккан учурда, кайра шайлоо өткөрүлөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт.

Жаңы талапкерликтерди көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү