Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын улуу болгон Орозо айт майрамы менен куттуктоосу

14 июня 2018

Урматтуу Кыргызстандыктар!
Ардактуу мусулмандар!

Баарыңыздарды мусулмандардын улуу майрамы болгон Орозо айтыңыздар менен куттуктайбыз!
Орозо - адамдын ички дүйнөсүн тазартып жана адам баласын ыплас нерселерден тазаланууга багыттап, сабырдуулукка үндөгөн мезгил.
Бизге өмүр берген Жаратканга тобо кылып, шүгүрчүлүк келтирүү момун мусулмандын парзы.
Ислам – тынчтыктын, ынтымактын жана жаратмандыктын дини. Андыктан ар бир мусулман баласы сабырдуулуктун, адептүүлүктүн жана маданияттын өрнөгүн көрсөтүшү керек!
Улуу Орозо айт майрамын жакындарыңыз менен бирге жаркын маанайда өткөрүүңүздөрдү каалайбыз.
Үйүңүздөргө кут конуп, аман-эсен, бак-таалайлуу болуңуздар!
Жараткан элибизге ынтымак, жергебизге береке берсин!
Айтыңыздар маарек болсун!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы