Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бошогон мандаты Б.Турусбековго берилди

14 июня 2018

2018-жылдын 14-июнунда КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊештин депутатынын бош калган мандатын “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча кийинки кезекте турган Турусбеков Бактыбек Сагындыковичке өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси берилди.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү