КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
14 июня 2018
2018-жылдын 14-июнунда КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бишкек, Сузак, Базар-Коргон, Кара-Суу, Чоң-Алай жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
-Бишкек шаардык кеңешиндеги “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан депутат А.Куламбаева өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – З.Жумалиевге өткөрүлүп берилди;
-Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Жаӊгак айылдык кеңешиндеги депутат Ж.Мамасадыков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер –Дж. Аширбаевге өткөрүлүп берилди;
-Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айылдык кеңешиндеги депутат Т.Бааев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер –Х.Эшмуратовага өткөрүлүп берилди;
-Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айылдык кеңешиндеги депутат А.Эргашев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер –Н. Мамаевге өткөрүлүп берилди;
-Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман айылдык кеңешиндеги депутат К. Шайдилдаева депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –М. Арыкбаевге өткөрүп берилди;
-Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылдык кеңешиндеги депутат К.Сатылбалиев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер –И.Айтибаевге өткөрүлүп берилди;
-Ош облусунун Чоӊ-Алай районундагы Чоӊ-Алай айылдык кеңешиндеги депутат М.Жолчуев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер –А.Саитовго өткөрүлүп берилди;
-Нарын облусунун Нарын районундагы Учкун айылдык кеңешиндеги депутат У.Жумабаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Г.Апсалиевага өткөрүлүп берилди;
-Нарын облусунун Нарын районундагы Учкун айылдык кеңешиндеги депутат Б.Иманов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер –Ж.Осмоналиевге өткөрүлүп берилди;
-Нарын облусунун Нарын районундагы Учкун айылдык кеңешиндеги депутат М.Абдылдаевдын каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –Ж.Мокеевге өткөрүп берилди.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
