БШКсы 2018-жылдын 5-августуна дайындалган Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого карата шайлоо округдарынын жана участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитти
14 июня 2018
2018-жылдын 14-июнунда КРнын БШКсы Кадамжай АШКнын чечимдери аркылуу берилген сунуштарынын негизинде, 2018-жылдын 5-августуна дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын жана участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитти.
Жалпысынан 5 шайлоо округу жана 5 шайлоо участкасы бекитилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
