Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосу дайындалды
14 июня 2018
2018-жылдын 5-июнунда КР Борбордук шайлоо комиссиясы Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосун дайындады.
Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 4-июнундагы № 104-б буйругу менен Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Таштанов, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШКнын токтомуна ылайык, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 3-июлуна саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Ат-Башы АШКсына тапшырылды.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
