Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдору бекитилди

14 июня 2018

2018-жылдын 14-июнунда КРнын БШКсы 2018-жылдын 11-июнунда өткөн Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитти.
Протоколдордун негизинде:
Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо өттү деп таанылып, Тагаев Мураталы Абдыкарович шаардын мэри болуп шайланды;
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Абдукаримов Алмаз Абдылазович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;
Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Сыдыков Бакыт Дамирбекович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;
Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Сагынбаев Рамис Алымбекович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Джалал-Абад, Кара-Суу, Сокулук жана Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү