2018-жылдын 11-июнунда Жалал-Абад, Чүй жана Ош облустарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоолор болуп өттү
11 июня 2018
2018-жылдын 11-июнунда Жалал-Абад шаарынын мэрин, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Толук айыл өкмөтүнүн, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жана Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоолор болуп өттү.
Алдын ала маалыматтар боюнча Жалал-Абад шаарынын мэри болуп, 18 добуш алган Тагаев Мураталы Абдыкадырович шайланды. Жалал-Абад шаардык кеңешинде баары болуп 31 депутат бар, алардын 30 катышты. Мэр болууга 2 талапкер ат салышты.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Толук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, алдын ала маалыматтар боюнча 6 добуш алган Сагынбаев Рамис Алымбекович шайланды. Башчылык кызматка 6 талапкер аттанып, алардын бири баш тарткан. Толук айылдык кеңешинде баары болуп 11 депутат бар, алардын баары катышты.
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, алдын ала маалымат боюнча 31 добуштун 30ун алган Абдукаримов Алмаз Абдуллазович шайланган. Башчылык орунга 1 талапкер катталган.
Алдын ала маалымат боюнча, Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 21 депутаттан 20 добуш алган Сыдыков Бакыт Дамирбекович шайланды. Эске сала кетчү нерсе, башчылык орунга 3 талапкер болгон.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
