2018-жылдын 7-июнунда Каракол шаарында КРнын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча коомдук диалог болуп өттү

07 июня 2018

Бүгүн, 2018-жылдын 7-июнунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоолор боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын иштеп чыгуу боюнча иштердин алкагында Каракол шаарында аймактык коомдук диалог болуп өттү.

Аймактардагы бул диалогдун максаты – шайлоо системасын өркүндөтүү жолдору боюнча кеңири талкуулоону уюштуруу. Бул иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен “Жарандык платформа” КФ менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин колдоосунда түзүлгөн КР шайлоолор боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ тарабынан уюштурулган.

Талкууга катышкандар: КР БШКнын төрагасынын орун басары А.Бекматов, КР БШКнын мүчөсү К.Осмоналиев, КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү У.Жылкыбаев, Жумушчу топтун эксперттери – “Жарандык платформа” КФнун директору А.Усупбекова, раймамадминистрациялардын, ЖӨБО башчылары, укук коргоо органдарынын жетекчилери, айылдык жана шаардык кеңештердин депутаттары, КРнын саясий партияларынын өкүлдөрү, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, жарандык коомдун активисттери, МЭУ жана ЖМК өкүлдөрү.

Караколдогу диалогдун катышуучулары төмөнкү көйгөйлөргө өзгөчө көңүл бурушту: шахталарда вахталык усул менен иштеген шайлоочулардын шайлоо укуктары толук ишке ашпай жатуусу, айылдык кеңештердин төрагаларынын укуктарын коргоонун механизмдеринин жетилбегендиги, басылма үгүт материалдарын (банер, керме) жайгаштыруучу аянтта бааларды жөнгө салуунун жоктугу, шайлоолор аралык мезгилде саясий партиялардын активдүүлүгүнүн жоголуусу, участкаларды түзүү жана мандаттарды бөлүштүрүү механизмдеринин жетилбегендиги, жергиликтүү кеңештин сессияларына депутаттардын жүйөлүү себепсиз келбей коюусу, кеңештер, айыл өкмөттөр жана акимдер ортосундагы бирге аракеттешүүнүн механизмдеринин начардыгы.

Диалогдун катышуучулары сунуш катары, талапкерлерге талаптарды катаалдаштыруу жана кыргыз тилин билүү боюнча тестирлөөнү киргизүү, шаарлардын мэрлерин тикелей шайлоо институтун киргизүү, жергиликтүү кеңештердин ишеним көрсөтпөө укугу менен айыл өкмөт башчыларын шайлоо, айылдык кеңештердин төрагаларына жана алардын катчыларына эмгек акы төлөөнү киргизүү, басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн аянттагы бааларды жөнгө салуу механизмдерин иштеп чыгуу, жергиликтүү кеңештердин, айыл өкмөттөрдүн жана акимдердин биргелешкен жолугушуу жана талкуулоолорду ишке киргизүү, шайланма кызматтарга талапкерлердин ортосундагы дебаттар үчүн акысыз обо убактысын көбөйтүү зарылдыктарын белгилешти.

КР БШКнын аппаратынын маалымат кызматы