Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу дайындалды

05 июня 2018

2018-жылдын 5-июнунда КР Борбордук шайлоо комиссиясы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды. Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 31-майындагы № 181-б буйругу менен Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Карымшаков Алтымышбек Бакасович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. КР БШКнын токтомуна ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 22-июнуна саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды.

Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Аламүдүн АШКсына тапшырылды.

Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү