Асылбаш жана Ак-Муз айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдору бекитилди
05 июня 2018
2018-жылдын 5-июнунда КРнын БШКсы 2018-жылдын 30-майында өткөн Чүй облусунун Сокулук районунун Асылбаш, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Муз айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитти.
Протоколдордун негизинде Асылбаш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Жумабеков Жалын Самудинович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Иса уулу Нурланбек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Сокулук жана Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
