Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоо 2018-жылдын 5-августуна дайындалды

05 июня 2018

Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-июнундагы №133 Жарлыгы менен, Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоо 2018-жылдын 5-августуна, жекшембиге дайындалды.

КР БШК 2018-жылдын 5-августуна дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш чараларынын календардык планын бекитти.

Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоого жумшалган жалпы чыгымдын суммасы 1 410 600 (бир миллион төрт он миң алты жүз) сом түздү.

“РСК Банк” ААКсы жана “Айыл Банк”ААКсы 2018-жылдын 5-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелери болуп бекитилди.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү