Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо дайындалды

01 июня 2018

2018-жылдын 1-июнунунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо дайындалды.

Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 28-майындагы № 07-б буйругу менен Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы З.Исираилов, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

2018-жылдын 28, 29 жана 31-майында жаңыдан шайланган Нарын облусунун, Ат-Башы районунун Казыбек, Жалал-Абад облусунун, Аксы районунун Кара-Жыгач, Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңештеринин, Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин биринчи сессиялары өткөрүлгөн.

КР БШКнын токтомуна ылайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаарынын мэрин, Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя, Ат-Башы районунун Казыбек, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач, Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 20-июнуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды.

Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Токтогул, Кочкор, Ат-Башы, Аксы жана Сузак АШКрына тапшырылды.

Маалымат үчүн: "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбачыл субъекттердин жетекчилик кызматтарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло алат.

Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны шаарга мэр боло албайт.

Ошондой эле, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү