Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдору бекитилди
01 июня 2018
2018-жылдын 1-июнунда КР БШКсы 2018-жылдын 25-майында өткөн Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитти.
Берилген протоколдордун негизинде Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп таанылып, Молдогазиев Максатбек Аманкулович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Шайланган айыл өкмөт башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
