КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
01 июня 2018
2018-жылдын 1-июнунда КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кызыл-Кыя, Кара-Кулжа жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
- Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешиндеги “КСДП” партиясынан депутат К. Турдуматов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Т. Алибековага өткөрүлүп берилди;
-Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Капчыгай айылдык кеңешиндеги депутат Ж. Турганбаевдын депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –Ш.Байдыевге өткөрүп берилди;
-Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылдык кеңешиндеги депутат Э.Алымбековго карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу анын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –К. Талантовго өткөрүп берилди.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
