Боршайком Чүй облустук “Максат” ДМЧ балдардын жана өспүрүмдөрдүн калыбына келтирүү борборунун тарбиялануучуларына белектерди берип, майрам уюштуруп берди

01 июня 2018

1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү БШК жетекчилигинин жана БШК мүчөлөрүнүн колдоосу менен БШК Аламүдүн районунун Дачное айылындагы Чүй облустук “Максат” ДМЧ балдардын жана өспүрүмдөрдүн калыбына келтирүү борборунун тарбиялануучуларына белектерди берип, майрам уюштуруп берди.

Жаркыраган салтанатты уюштуруу үчүн балдар майрамдарынын студиясы чакырылып, алар шоу программа коюп беришти.

Азыркы күндө борбордо 4 жаштан 16 жашка чейинки 75 бала жашап жатат.

КР БШКнын аппаратынын  маалыматтык бөлүмү