Башкы Жаңылыктар 2018-жылдын 31-майында Жалал-Абад шаарында КР шайлоо системасын өркүндөтүү …

2018-жылдын 31-майында Жалал-Абад шаарында КР шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча аймактык коомдук диалог болуп өттү

31-Май, 2018

Бүгүн, 2018-жылдын 31-майында, Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн Стратегиясын иштеп чыгуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында аймактык коомдук диалог болуп өттү. Аймактардагы бул диалогдун максаты, Жумушчу топ тарабынан сунушталгандай, шайлоо системасын 4 максаттуу багытта өркүндөтүү, жана талкуунун катышуучулары тарабынан сунушталган маселелер боюнча кеңири талкууну баштоо:
- “Шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктук мамилелерин жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү”;

- “Шайлоо мыйзамдарын бузуулардын алдын алуунун жана аларды тыюунун механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу”;

- “Жергиликтүү шайлоолор. Шайлоо комиссияларынын ЖӨБ органдары менен бирге аракеттешүүсү”;

- Саясий партиялардын ролун күчөтүү аркылуу КРда парламентаризмди өнүктүрүү.

Бул иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен “Жарандык платформа” КФ менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин колдоосунда түзүлгөн КР шайлоолор боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ тарабынан уюштурулган.

Диалогдун катышуучулары төмөнкү көйгөйлөргө байланышкан маселелерге өзгөчө көңүл бурушту:
- саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесин түзүү;
- талапкерлердин тизмеси үчүн партиянын лидеринин жана анын жетекчи органдарынын жоопкерчилиги;

- жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын сессияга келбегендиги үчүн жоопкерчилик киргизүү зарылчылыгы;

- шайланган депутаттардын башка өлкөнүн жарандыгы бар экендиги жана соттолгондугу жөнүндө маалыматтарды жашыргандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигинин жоктугу;

- жергиликтүү кеңештерде аялдардын өкүлчүлүгүнүн төмөндүгү.

Катышуучулар ошондой эле шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн жер-жерлерде окутуу боюнча иш чараларды өткөрүү зарылчылыгын белгилеп, ошондой эле, мектеп директорлоруна жана саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилерине жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына өз талапкерлигин коюуга уруксат берүү, жогорку шайлануучу кызматтарга талапкерлер тарабынан өз кирешелерин декларациялоо зарылчылыгын, жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылыгына талапкерлерге талаптарды катаалдаштыруу зарылчылыгы белгиленди.

Талкууда катышкандар: КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова, КР БШКнын мүчөлөрү А.Асаналиев, Г.Баатырова, К.Осмоналиев, А.Сатыгулов, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Сатыбалдиев, эксперттер-жумушчу топтун мүчөлөрү – “Жарандык платформа” КФ директору А.Усупбекова, “Жарандык умтулуу” КФ директору К.Мамытова, “Эгль” КФ эксперти Б.Самаков, раймамадминистрациялардын, ЖӨБО, укук коргоо органдарынын жетекчилери, шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттары, КР саясий партияларынын өкүлдөрү, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, жарандык сектордун активисттери, МЭУ жана ЖМК өкүлдөрү.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>