Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча коомдук диалог болуп өттү

29 мая 2018

Бүгүн, 2018-жылдын 29-майында, Баткен шаарында, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн Стратениясын иштеп чыгуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында “Кыргыз Республикасында шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиялык багыттарын аныктоо” аталыштагы экинчи коомдук диалог болуп өттү.

Бул иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен “Жарандык платформа” КФ менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин колдоосунда түзүлгөн КР шайлоолор боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ тарабынан уюштурулган.

Аймактардагы бул диалогдун максаты шайлоо системасын өркүндөтүү жолдору боюнча кеңири коомдук талкуулоону баштоо.

Аймактык коомдук диалогдун катышуучулары өзгөчө көңүлдү шайлоо боюнча мыйзамдардын, шайлоону уюштуруу жана өткөрүүнүн төмөнкү көйгөйлөрүнө бурушту: шайлануучу органдарда аялдардын өкүлчүлүгүнүн төмөндүгү, үгүт иштерин жүргүзүүнүн жүрүшүнүн талапкерлердин финансылык ресурстарынын таасири, жалпыга маалымдоо каражаттарынын талапкерлерге тегиз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, биргелешкен, анын ичинде дебат формасындагы иш чаралардын санын көбөйтүү, чет өлкөдө жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу механизмдерин өркүндөтүүнүн зарылдыгы.

Катышуучулар ошондой эле бардык деңгээлдеги шайлоолор үчүн эң курч көйгөй болгон добуштарды сатып алуу жана административдик ресурсту пайдаланууга тыюу салуу жана алар үчүн жоопкерчиликке тартуу механизмдерин иштеп чыгуу зарылдыгын белгилешти.

Катышуучулар сунуш катары жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсүн киргизүүнү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысын тике шайлоону киргизүүнү, КР ЖК депутаттарынын санын кыскартууну, ошондой эле башка өлкөнүн жарандыгы бар экендиги жана соттолгондугу жөнүндө маалыматтарды жашыргандыгы үчүн шайлануучу адамдардын жоопкерчилиги тууралуу ченемдерди иштеп чыгууну белгилешти.

Талкуулоодо катышкандар: КР БШКнын төрагасынын орун басары Бекматов А., КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Матмуратов А., Жумушчу топтун эксперттери – А.Усупбекова, “Жарандык платформа” КФнун директору; К.Мамытова, “Жарандык умтулуу” КФнун эксперти; Б.Самаков, “Эгль” КФнун эксперти, жарандык сектордун активисттери, шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттары, КРнын саясий партияларынын өкүлдөрү, ЖӨБО өкүлдөрү, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, Баткен университетинин окутуучулары жана студенттери, МЭУ жана ЖМК өкүлдөрү.

КР БШКнын аппаратынын  маалыматтык бөлүмү