Башкы Жаңылыктар К.И.Ниязовдун жана Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарынын талаптарын канаатандыруудан …

К.И.Ниязовдун жана Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарынын талаптарын канаатандыруудан баш тартылды

27-Май, 2018

2018-жылдын 23-майында БШКга Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин “КСДП” фракциясынын депутаттарынан жана “КСДП” партиясынан талапкерлер тизмесиндеги талапкер К.Ниязовдон эки окшош арыз келип түшкөн, анда алар Кызыл-Кыя АШКнын 2018-жылдын 22-майындагы мандатты катталган тизмедеги кийинки кезекте турган Т.Алымбековага өткөрүп берүү жөнүндөгү чечиминин бейукуктугуна даттанышкан.

КР БШКнын 2018-жылдын 21-майындагы (Кызыл-Кыя АШКнын 2018-жылдын 2-майындагы №4 чечимин жокко чыгаруу) №8 чечимине ылайык, “КСДП” саясий партиясынын 2018-жылдын 27-апрелиндеги сунуштамасын кайра чакыртып алгандыгын эске алып, Кызыл-Кыя АШК 2018-жылдын 22-майында шайлоо мыйзамдарына ылайык, мандатты катталган тизмеде кийинки кезекте турган талапкерге – Т.Алимбековага өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алган.

КР БШК Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин “КСДП” фракциясынын депутаттарынын жана К.Ниязовдун арыздарында көрсөтүлгөн талаптарды канаатандыруудан баш тартты, анткени, талапкерлердин кезегин өзгөртүү маселесин чечүүдө жана бош калган мандатты ээлөөдө мыйзам бузууга орун берилген.

Арыз берүүчүлөр БШКнын чечимине соттук тартипте доо арыз берүүгө укуктуу.

Эске сала кетчү нерсе, 2018-жылдын 2-майында Кызыл-Кыя АШК №4-протоколу менен Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутатынын бош калган мандатын, “КСДП” саясий партиясынын 2018-жылдын 27-апрелиндеги сунуштамасынын негизинде, талапкерлердин тизмесинде 20-номерде турган талапкер К.И.Ниязовго өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алган.

2018-жылдын 15-майында “КСДП” саясий партиясы Кызыл-Кыя АШКга мурда жиберилген 2018-жылдын 27-апрелиндеги сунуштамасын кайра чакыртып алган жана бош калган мандатты мыйзамдарга ылайык, тизмеде кийинки орунда турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө билдирген.

БШК партия өз сунуштамасын кайра чакырытып алгандыгын жана Т.Алимбекова кезекти өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү өз арызын кайра чакыртып алгандыгын эске алып, Кызыл-Кыя АШКнын жогоруда көрсөтүлгөн 2018-жылдын 2-майындагы чечимин жокко чыгарды.

КР БШКнын аппаратынын  маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>