Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды
24 мая 2018
2018-жылдын 24-майында КР Борбордук шайлоо комиссиясы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады.
Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 21-майындагы № 126 буйругу менен Толук айыл өкмөтүнүн башчысы М.Насырынбеков, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШКнын токтомуна ылайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 11-июнуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Токтогул АШКсына тапшырылды.

Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү