Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
24 мая 2018
2018-жылдын 24-майында КР БШК Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды. Токтом Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Т. Чернованын комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндөгү арызынын негизинде кабыл алынды.
Ошентип:
- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан Т. Чернова (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылды жана комиссиянын курамына резервден А. Максатбеков (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
