Башкы Жаңылыктар КР ЖК депутатынын бош мандаты Самат Гульнара-Кларага өткөрүп …

КР ЖК депутатынын бош мандаты Самат Гульнара-Кларага өткөрүп берилди

15-Май, 2018

Соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу КР ЖК депутаты А.Ж.Салянованын ыйгарым укуктары 2018-жылдын 3-мартында мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыктан, бүгүн, 2018-жылдын 15-майында, бош мандат “Ата-Мекен” Социалисттик партиясынан талапкерлердин тизмесинде кийинки орунда турган Самат Гульнара-Кларага өткөрүлүп берилди. БШК талапкердин мыйзам талаптарына туура келүүсүн карап чыгуу процессинде “Карек” коомдук бирикмесинен Самат Гульнара-Кларанын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан тышкары Россия Федерациясынын жарандыгы болуусу мүмкүн деген кайрылуу келип түшкөн. КР БШК тарабынан КР Тышкы иштер министрлигине Самат Гульнара-Кларанын башка жарандыгы боюнча маселени тактоо суроо-талабы жөнөтүлгөн. Ошол эле учурда, КР жана РФ мыйзамдарынын талаптарына ылайык, анын жеке маалыматтарын иштетүүгө макулдугу алынган.

2018-жылдын 29-мартында КР БШКга “Ата-Мекен” Социалисттик саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен бир канча адамдарды, анын ичинде Самат Гульнара-Клараны чыгаруу тууралуу, анын талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө арызы тиркелген кайрылуу келип түшкөн.

2018-жылдын 5-апрелинде КР БШКга Самат Гульнара-Кларадан КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө арызын чакыртып алуу жана аны жокко чыгаруу тууралуу арыз келип түшкөн.

2018-жылдын 6-апрелинде КР БШКнын чечими менен “Ата-Мекен” Социалисттик саясий партиясынын Самат Гульнара-Клараны КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу тууралуу кайрылуусун канааттандыруудан баш тартылган.

2-жана 17-апрелде КР ТИМ Россиянын Ички иштер министрлигинин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын жообу жөнүндө кабарлаган, анда РФ ИИМ ММББ Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер боюнча 1993-жылдын 22-январындагы Конвенциянын 5-беренесине шилтеме жасап, бул суроо-талапты тиешелүү юстиция органдарына жөнөтүүнү зарыл деп эсептейт.
2018-жылдын 10-майында, Самат Гульнара-Клара боюнча материалдарды карап чыгуу боюнча түзүлгөн БШКнын Жумушчу тобу тиешелүү органдардын жообун алгандан кийин бул маселени КР БШКнын отурумуна алып чыгуу чечимин кабыл алган.
2018-жылдын 14-майында КР БШКга Россия Федерациясынын юстиция министрлигинин 2018-жылдын 25-апрелине карата эсептерде РФ ИИМ маалыматы боюнча Самат Гульнара-Клара (Кабилова Клара Саматовна) Россия Федерациясынын жарандыгын алган адам катары көрсөтүлгөн эмес.

Мыйзамдардын жана келтирилген документтердин негизинде, КР БШК Самат Гульнара-Клараны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына каттоо жөнүндө токтом кабыл алды.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>