Көк-Арт айылдык айылдык кеңешине депутаттарды шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча маалымат

14 мая 2018

2018-жылдын 13-майында Сузак районундагы Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаттарын кезектеги шайлоо болуп өттү. Сузак районундагы Көк-Арт айылдык кеңешинде 5 844түн 2 890у добуш берди – бул шайлоочулардын 49,45 пайызын түздү. Добуш берүү беш шайлоо участкасында жүрдү.

2018-жылдын 13-майындагы шайлоого 21 мандаттуу кеңеште 55 талапкер катталган.

Шайлоонун натыйжаларын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен аныктайт.

Бүгүнкү күнгө чейин, добуш берүүнүн натыйжалары боюнча арыз даттануулар келип түшкөн жок.

УШКнын протоколдорунун негизинде шайлоочулардын добуштары төмөнкүдөй болуп бөлүндү (таблицаны караӊыз).

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү