Кара-Жыгач айылдык кеңешине депутаттарды шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча маалымат

14 мая 2018

2018-жылдын 13-майында Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоосу болуп өттү. Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарынын айыл өкмөтүнүн башчысын белгиленген мөөнөттө шайлабагандыгына байланыштуу, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү кеңеш таркатылып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Аксы районундагы Кара-Жыгач айылдык кеңешинде 3 735тин 1 677си добуш берип, 44,90 пайызды түздү. Добуш берүү эки шайлоо участкасында жүрдү.

2018-жылдын 13-майындагы шайлоого 21 мандаттуу кеңеште 57 талапкер катталган.

Шайлоонун натыйжаларын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен аныктайт.

Бүгүнкү күнгө чейин, добуш берүүнүн натыйжалары боюнча арыз даттануулар келип түшкөн жок.

УШКнын протоколдорунун негизинде шайлоочулардын добуштары төмөнкүдөй болуп бөлүндү (таблицаны караӊыз).

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү