2018-жылдын 13-майында Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор: саат 13-00гө карата шайлоочулардын активдүүлүгү

13 мая 2018

Жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоолордо саат 13-00гө карата 11 660 шайлоочу добуш берди, бул тизмеге кирген шайлоочулардын 25.66% түзөт. 6 жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун тизмесине бардыгы болуп 45 447 шайлоочу киргизилген.

-Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинде – 30.81%;

- Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинде -30.30%;

- Токтогул шаардык кеңешинде – 25.72%;

- Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеӊешинде- 20.72%;

-Сокулук раонунун Сокулук айылдык кеӊешинде -19.21%;

- Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеӊешинде -17.80% шайлоочу катышты.

Кээ бир жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого шайлоочулардын келүүсү жөнүндө кененирээк маалымат менен төмөнкү дарек боюнча тааныша аласыздар: http://ess.shailoo.gov.kg/ServiceJSP.do

Эскерте кетсек, бүгүн 2018-жылдын 13-майында 6 жергиликтүү кеңеште шайлоолор өтүп жатат: 1 шаардык жана 5 айылдык кеңештерде. Бардыгы болуп 126 депутат шайланат, анын ичинен 21 шаардык кеңештерге жана 105 айылдык кеңештерге. Добуш берүү 27 шайлоо участкаларында өтүп жатат.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү