Кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо дайындалды
11 мая 2018
2018-жылдын 11-майында КР Борбордук шайлоо комиссиясы Чүй облусунун Сокулук районунун Асылбаш, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Муз, Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады.
Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 2-майындагы № 184-б буйругу менен Асылбаш айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Уметалиев, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 8-майындагы № 86-б буйругу менен Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатов, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
2018-жылдын 11-майына дайындалган Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо катталган талапкерлер депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калгандыгына байланыштуу өткөн жок.
КР БШКнын токтомуна ылайык Асылбаш жана Ак-Муз айыл башчыларын шайлоо 2018-жылдын 30-майына саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды.
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, кайра шайлоо 2018-жылдын 25-майына саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштуруп, өткөрүү милдети Сокулук, Ат-Башы жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
