КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

11 мая 2018

2018-жылдын 11-майында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Сокулук, Нарын, Токтогул жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.

Ошентип:

-Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты Б.Султангазиев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Эркинбек у. Дастанга өткөрүлүп берилди;

-Нарын облусунун Нарын районундагы Ак-Кудук айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Сапар у. Рахаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – К.Борукеевге өткөрүп берилди;

-Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Ничке-Сай кеңешиндеги депутаты О. Тынчтыкбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер –              Ч. Утуровго өткөрүлүп берилди;

- Талас облусунун Талас шаардык кеңешиндеги “Кыргызстан” партиясынан депутаты А. Куручбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Б. Байышовго өткөрүлүп берилди;

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү