Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын согуштун жана ооруктун ардагерлерин 9-май–Улуу Жеңиш күнү менен куттуктоосу

08 мая 2018

Урматтуу мекендештер, ардактуу ардагерлер, оруктагы эмгекчилер!

Сиздерди май айдын эң негизги майрамы Улуу Жеңиштин 73-жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Улуу Жеңиш күнү – бүткүл адамзаттын тагдырын чечкен ыйык күн болуп саналат. Боордош элдер менен биргеликте күрөшкө чыккан Кыргызстан элинин Улуу Жеңишке кошкон салымы зор. Жүз миңдеген жердештерибиз эркиндик жана көз карандысыздык үчүн  согушта күрөшүшкөн. Алардын ысымдары Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калды. Биз, кыргызстандыктар, боштондук үчүн күрөшкөн жоокерлерибиз менен ар дайым сыймыктанабыз.

Ата Мекен үчүн жанын аябаган жоокерлерибизге башыбызды ийип таазим кылабыз! Жеңишке жетишкен баатырларыбызга түбөлүк даңк!

Урматтуу ардагерлер – Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана оорук эмгекчилери!

Жаш муундарды Ата Мекенге ак кызмат кылууга жана кайраттуулукка, Мекенди сүйүүгө тарбиялоодо үлгү болуп келесиздер. Ушул жалпы улуттук майрам күнү бардыгыбызда Улуу Жеңиштин сыймыктуу сезими болсун! Урматтуу ардагерлер, сиздерге чың ден-соолук, сергектик жана ийгилик каалайбыз! 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы