КР БШКнын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 25 жылдыгы менен куттуктоосу

05 мая 2018

Урматтуу мекендештер!

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атынан жана өзүмдүн атымдан Сиздерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 25 жылдыгы менен куттуктайм.

1993-жылы 5-майда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын жаңы тарыхында маанилүү ролду ээлеп, мамлекеттүүлүктүн башкы принцибин бекемдеди, эң жогорку баалуулук- адам укуктарын жана эркиндигин жарыялады.

Эң негизгиси заманбап шайлоо тутумунун негизин түзүү менен Кыргызстан эли мамлекеттик бийликтин бирден бир булагы жана өзүнүн бийлигин шайлоо жана референдум, ошондой эле мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдардын тутуму аркылуу Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде ишке ашыруусун бекемдеди.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы өз ой пикирин эркин чагылдырганга мүмкүндүк берип, бул демократиянын жетишкендигинин эң башкыларынын бири, ал эми шайлоолорго катышуу, бул биздин жарандык жетилгендигибизди жана өз алдынча саясий позициябызды билдирип турат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен бекитилген шайлоо реформасынын алкагында кабыл алынган иш-чаралар, жарандардын өз алдынча эркин тандоосуна шарт түзгөн.

БШК Башмыйзамдын ченемдерин ишке ашыруу жана жарандардын шайлоо укуктарын жакшыртуу үчүн бардык күч-аракеттерди жасайт.

Өлкөбүздүн ар бир жаранынын милдети – Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан жарыяланган жалпы улуттук баалуулуктарды аздектөө жана сактоо экендигине ишенем!

Баардыгыңыздарды мамлекеттик майрамыңыздар менен куттуктайм! Сиздерге бакыт-таалай, чың ден соолук, тынчтык жана тилектештик, кубаныч, ар бир үйдө ынтымакты каалайм!

Терең урматтоо менен,

КР БШКнын төрагасы                                              Н.ШАЙЛДАБЕКОВА