Башкы Жаңылыктар БШК ЭСКАТОнун делегациясы менен жолукту: Ден соолугу боюнча …

БШК ЭСКАТОнун делегациясы менен жолукту: Ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шайлоодо катышууга шарттарды түзүү аркылуу ДМЧ жарандардын социалдык-экономикалык укуктарын ишке ашырууну илгерилетүүгө жана жакшыртууга болот

05-Май, 2018

2018-жылдын 4-майында БШКда Азия жана Тынч океан өлкөлөрүнүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) делегациясы менен жолугушуу болуп өттү. ЭСКАТОнун эксперттеринин тобу Миң жылдыктын босогосунда иш-аракеттердин Бивако негизин жана Эл каттоонун аймактык программасын колдоо боюнча БУУнун “Майыптык боюнча көрсөткүчтөрдү жана статистикалык маалыматтарды жакшыртуу” долбоорунун алкагында Кыргызстанда жүрүшөт.

БШКнын өкүлдөрү (Н.К.Шайлдабекова, А.Т.Асаналиев, У.Каныбеков), ДМЧ менен иштөө боюнча БШКнын жумушчу тобунун мүчөлөрү (“Эгль” КФнун директору Ч.А.Өмүрканова) эксперттерди Кыргызстандын ДМЧ жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча аткарылып жаткан иштер менен тааныштырды.

Биринчи кезекте БШК Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жана Социалдык Фонд менен биргеликте ар бир шайлоо участкасы боюнча ДМЧ жарандардын муктаждыктарынын санын жана мүнөзүн такташты. Бул маалыматтар жеткиликтүүлүк, пандустарды орнотуу, участкага жетүүгө жардам уюштуруу, ыктыярдууларды мобилизациялоо көйгөйлөрүн чечүү үчүн жергиликтүү органдарга берилген.

Шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн баалоо үчүн БШКнын Жумушчу тобунун мүчөлөрү шайлоо комиссиялары системасынын кызматкерлери менен бирге, ЕККУнун жардамы менен 270 участкада аудит жүргүзүлдү.

Жалпы республиканын аймагында жалпы улуттук добуш берүүнү уюштуруу үчүн 2 300дөн ашуун шайлоо участкалары түзүлгөн, алардын 1 633 окуу жайларынын имараттарында; 334 маданият мекемелеринде; 206сы административдик имараттарда жана муниципалдык аймактык башкармаларда; 32си саламаттык сактоо мекемелеринде жана 93 жеке менчик сектордо жайгашкан. Өкмөт менен биргеликте пандустарды орнотуу маселелери чечилип жатат, аларды ушул шайлоолор аралык мезгилде толук бүткөрүү пландаштырылып жатат. Кээ бир шаарларда жана айылдарда өтүп жаткан жергиликтүү шайлоолордун алкагында кыска мезгилдин ичинде бардык участкаларда пандустар орнотулду. БШК шайлоо участкаларынын, административдик имараттардын, маданий мекемелердин, окуу-илимий мекемелердин жана мектепке чейинки окуу борборлорунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу аркылуу билим берүү, саламаттык сактоо мекемелеринде инклюзивдик чөйрөнү түзүүгө көмөк көрсөтүүгө ниеттенет.

КР БШК шайлоо учурунда ошондой эле көрүүсү начар жарандарга А4 форматындагы атайын чоңойтуучу лупаларды же көзү азиз жарандарга Брайл шрифти менен бюллетень-трафареттерди, арабачалар менен жүргөн жарандарга атайын кабиналарды ж.б. жардам берүүчү атайын каражаттарды колдонуп келет. БШКнын шайлоолор боюнча маалымат роликтеринин көбү сурдо котормолор менен чыгарылат. Ошондой эле өнөктөштөрдүн жардамы менен шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн майыптык көйгөйлөрүн түшүнүүсү жана алар менен иштөөсү үчүн усулдук колдонмолор чыгарылды.

2017-жылы биринчи жолу ДМЧ жарандар шайлоо участкаларында добуш берүү тартибине көз карандысыз байкоо жүргүзүштү. ДМЧА коомдук уюмдардын байкоочулары БШКнын бул демилгесине оң бааларды беришти.

Андан тышкары, 2017-жылы алгачкы жолу шайлоолордо ДМЧ жарандардын катышуусуна шарттарды түзүү милдеттерин жөнгө салуучу БШКнын “ДМЧ жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө” атайын Жобосу кабыл алынды.

Азыркы учурда ДМЧ жарандардын шайлоо маселелери жана КР саясий системасы боюнча маалыматтуулугун жогорулатуу үчүн КР Конституциясын жана башка китептерди Брайл шрифти менен чыгаруу пландаштырылып жатат. Ошондой эле Жумушчу топ ДМЧлар менен иштөөчү бирикмелер менен бирге, ЕККУнун колдоосу менен ДМЧ көйгөйлөрүн партиялардын программасына кошуу боюнча партиялар менен иштешүү, ж.б. ДМЧ жарандардын шайлоого катышуусуна көмөктөшүүчү комплекстүү чаралар пландоодо.

ЭСКАТОнун өкүлү Доң Хо Ким кыргыз тараптын ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоого катышуу боюнча саясий укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча активдүү чараларын колдоп, бул ДМЧ жарандардын башка да көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшөөрүн белгиледи. Ал белгилегендей, ЭСКАТОнун миссиясынын алкагында талдоо жүргүзүлгөн 16 өлкөнүн ичинде, Кыргызстандын бийликтери ДМЧ жарандардын шайлоодо катышуусуна шарт түзүү боюнча эң активдүү жана ыраатуу чараларды көрүп жатат.

Маалымат катары: Азия жана Тынч Оккеан аймагында Майыптардын укуктары боюнча Конвенцияны (КПИ) ишке ашыруунун “жол картасын” аныктоо үчүн, ЭСКАТОнун Өкмөттөрү ДМЧА үчүн “Укукту реалдуу кылуу” боюнча Инчхон Стратегиясын кабыл алган, ал жерде 2022-жылга чейин аткарылууга милдеттүү майыптыкка байланышкан өнүгүүнүн 10 стратегиясы жана 27 максаты көрсөтүлгөн.

Инчхон Стратегиясы негизги 41 көрсөткүчтү ичине алат. 2014-жылы Инчхон Стратегиясы үчүн майыптык боюнча статистикалык көрсөткүчтөрү боюнча ЭСКАТОнун Жетектемеси жарык көргөн. Аны ишке ашыруу үчүн ЭСКАТО 16 өлкөдө майыптык боюнча статистикалык маалыматтарды топтоо дараметин жогорулатуу жана Стратегиянын көрсөткүчтөрүнө жетүү үчүн улуттук консультацияларды уюштурду.

БШК аппаратынын маалымат кызматы

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>