Башкы Жаңылыктар Токтогул шаардык кеңешине шайлоолорго катышып жаткан саясий партиялар, …

Токтогул шаардык кеңешине шайлоолорго катышып жаткан саясий партиялар, атаандаштыктын абийирсиз усулдарын колдонуудан баш тартышты

05-Май, 2018

2018-жылдын 3-майында Токтогул шаардык кеңешине кезектеги шайлоолорго даярдык көрүүнүн алкагында, КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова Токтогул шаарындагы аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, шайлоолорго даярдык боюнча шаардык штабдын мүчөлөрү, ошондой эле шаардык кеңешке шайлоолорго катышып жаткан саясий партиялардын өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү.

Токтогул районунун акими М.А.Сатымкулов жана шаардын мэринин милдетин аткаруучу Н.Көчөрканова кеңешменин катышуучуларына шайлоого даярдык боюнча кабыл алынган чаралар, участкаларды бардык керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чаралар, электр энергиясы, байланыш, ж.б. менен камсыз кылуу боюнча маалымат беришти.

Шаардын калкынын санына жараша (20 миң жашоочуга чейин), шаардык кеңештеги мандаттардын саны 21ди түзөт. Шаардагы шайлоочулардын тизмесине 10 758 жаран киргизилген. Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 5 шайлоо участкасы ачылган. Республикалык бюджеттен шайлоого 600 миң сом бөлүнгөн.

Кеңешмеде шайлоолорду мыйзамдуу жана айкын өткөрүү маселелери талкууланды. Белгиленип кеткендей, жаңы технологияларды колдонуу жана шайлоо комиссияларынын жөнгө салынган иштөөсү ар бир жарандын добушун ачык айкын жана туура эсепке алууну камсыз кылат, ошондой эле шайлоодо катышып жаткан партиялардын ортосунда таза атаандаштыкты жүргүзүүгө негиз түзөт.

Шаардык кеңешке 2014-жылда өткөрүлгөн акыркы шайлоолордо 11 партия катышып, алардын алтоо 7 пайыздык босогодон өтө албай, шаардык кеңеште өз фракцияларын түзө алган эмес. Азыркы шайлоолордо 6 партия катышып жатат, алардын үчөөнүн мурда кеңеште өкүлдөрү болгон: алар КСДП, “Ата-Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, ал эми калган үчөө Токтогул шаарындагы шайлоолордо биринчи ирет катышып жатат: алар “Мекеним Кыргызстан”, “Бирик”, “Энергетиктер партиясы”.

Шаардык кеңешке талапкерлерин көрсөткөн бардык партиялар Меморандумга кол коюшуп, анда алар жалган маалымат таратуудан, добуштарды сатып алуудан жана мыйзамсыз, абийирсиз атаандаштыктын жана үгүт жүргүзүүнүн башка формаларынан баш тартышты. Бул шексиз түрдө коомдук-саясий абалдын туруктуулугуна, шайлоо алдындагы өнөктүктүн тынч, мыйзам алкагында өтүүсүнө көмөктөшөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө саясий партиялардын өкүлдөрү менен депутаттыкка жана ЖӨБ органдарынын башчылыгына талапкерлерге талаптарды күчөтүүгө багытталган мыйзамдарды өзгөртүү боюнча кээ бир сунуштар, шайлоочулар алдындагы депутаттардын жоопкерчилиги боюнча пикир алмашуу болду.

Ошентип, кеңештин мурдагы спикери К.Дербишев тарабынан депутаттык ыйгарым укуктарын аткарбай, кеңештин отурумдарына такай катышпай жүргөн депутаттардын жоопкерчилиги боюнча мыйзамдагы мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча сунуш айтылды. БШК төрагасы белгилегендей, бул маселе боюнча талкуулар жүрүп жатат жана сунуш эске алынат. Ал эми талапкерлердин оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча соттуулукка тиешелүү жоопкерчилик боюнча талапкерлерге талаптарды дифференциялаштырууну (күчөтүүнү) киргизүү тууралуу, катышуучулар кеңештердин курамынын сапатын жакшыртууга багытталган пландаштырылып жаткан сунуштарды жактыруу менен кабыл алышты.

БШК төрагасы ой-пикирлерди изилдөө максатында кеңешменин катышуучуларына, шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жана Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча Кыргыз Респуликасынын Президентинин Жарлыгы менен түзүлгөн эки Жумушчу топтун алкагында талкууланып жаткан бир катар башка сунуштар тууралуу да маалымат берди.

Партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуусунда Н.Шайлдабекова белгилегендей, жергиликтүү шайлоолордо добуш берүүдөн кийин партиялардын жетекчи органдарынын талапкерлердин тизмесин жөнгө салууга укугу боюнча аракеттеги мыйзамдардагы ченемдер, талапкерлердин өздөрүнүн макулдугун эсепке албастан колдонулбаш керек. Бул маселелер боюнча партиялардын ичинде ымаланын жоктугунан келип чыккан жаңжалдар шайлоо комиссиялары аркылуу чечилбеш керек. Бул сөзсүз түрдө партиянын саясий институт катары аброюнун төмөндөөсүнүн фактору болуп калат, ошондой эле партиялардын тизмеси үчүн добуш берген шайлоочулардын укугун бузат. Ошондуктан, талапкерлердин тизмеси боюнча чечим кабыл алууда мыйзам ченемдерин кыйшаюусуз сактоого чакырды.

Укуктук маданиятты жана партиялык демократияны бекемдөө максатында, шайлоодон кийин Токтогулдагы партиялар үчүн өнөктөштөрдүн колдоосу астында партиялык жана фракциялык ишти, кеңеште партиялар ортосунда диалогду түзүү боюнча тиешелүү семинарлар өткөрүлүүсү макулдашылды.

БШКнын төрагасы шаардын мэринин милдетин аткаруучу Н.Көчөрканова менен бирге участкалардын даярдыгын текшерип чыкты. Кубандыруучу нерсе, Токтогул шаарынын бардык беш участкасыда тең шайлоолорго даярдыктын алкагында ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шайлоонун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында пандустар коюлган. Бардык участкалардын кире беришинде добуш берүүгө катышууда жардамга муктаж адамдар УШКнын кезметчи-мүчөсүн чакыруу үчүн “чакыруу кнопкасы” орнотулган. Ошондой эле, шайлоо комиссияларына Брайл шрифти менен даярдалган атайын бюллетендер жана көрүүсү начарлар үчүн А4 форматындагы атайын чоңойтуучу лупалар берилди. Мэрия тарабынан участкаларга өз алдынча келе албай турган майыптар үчүн зарыл учурда жардам уюштурулат. Бул үчүн транспорттор жана ыктыярдуулар тартылат.

Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушуунун алкагында шайлоолорду уюштуруучулук-техникалык камсыздоо, шайлоочулардын тизмелерин тактоо, окутуу жана усулдук жардам, шайлоолордун коопсуздугун камсыз кылуу боюнч мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, укук коргоо органдары менен бирге аракеттенүү маселелери талкууланды.

Н.Шайлдабекова Токтогул шаарынын комиссия мүчөлөрүнө жана жергиликтүү органдарга 2017-жылдагы Президенттик шайлоону өткөрүүдөгү жоопкерчилик жана ак ниет мамилеси үчүн ыраазылык билдирип, алдыдагы шаардык шайлоолордо алар тарабынан жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу, шайлоонун процессинин бардык катышуучулары үчүн бирдей шарттарды түзүү, аракеттеги мыйзамдардын ченемдерин сактоо менен добуш берүүнүн натыйжаларын айкын жана так чыгаруу үчүн бардык керектүү чаралар көрүлөрүнө ишенимин билдирди.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>