Башкы Жаңылыктар КР БШКнын делегациясы шайлоолорду башкаруу органдарынын 15-Европалык конференциясынын …

КР БШКнын делегациясы шайлоолорду башкаруу органдарынын 15-Европалык конференциясынын ишине катышып келди

КР БШКнын делегациясы шайлоолорду башкаруу органдарынын 15-Европалык конференциясынын ишине катышып келди
28-Апр, 2018

Европа Советинин Венеция комиссиясы Норвегиянын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана модернизация министрлиги менен биргеликте Норвегиянын Осло шаарында шайлоолорду башкаруу органдарынын 15-Европалык конференциясын уюштурду. Конференцияга Европанын, Азиянын, Жакынкы Чыгыштын, Түндүк жана Түштүк Американын 70тен ашуун мамлекеттеринен шайлоолорду башкаруу органдарынын жетекчилери, парламенттердин депутаттары, окумуштуулар жана эксперттер катышты.

Кыргыз Республикасынан конференцияга БШК төрагасы Н.Шайлдабекова жана КР БШК мүчөсү Г.Джурабаева катышты.

Конференциянын негизги темасы – “Шайлоолордогу коопсуздук” болуп, төмөнкү аспекттер талкууга алынды:

• Шайлоолордун коопсуздугун камсыз кылууга багытталган нормалар, стандарттар жана алдыңкы тажрыйбалар;

• Санариптик технологиялар жана социалдык тармактарга байланышкан көйгөйлөр;

• Кибер кылмыштар менен күрөшүү жана кибер коопсуздукту жакшыртуу.

Шайлоо өнөктүгү учурундагы жалган маалыматтар жана “жалган жаңылыктар”, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүнө социалдык тармактардын бурмаланган таасири сыяктуу маселелер активдүү талкууларды жаратты. Конференциянын катышуучулары белгилегендей, мындай көрүнүштөр шайлоолордун коопсуздугун камсыз кылуу алкагында таасирдүү чараларды иштеп чыгууну талап кылган олуттуу чакырык болуп эсептелет.

“Шайлоо процессинин бардык этаптарында заманбап технологияларды кантип салттуу усулдар менен айкалыштырып колдонуу керек?” деген жумушчу сессиянын алкагында шайлоо өткөрүүдө жаңы технологияларды колдонуу боюнча Кыргызстандын тажрыйбасы жөнүндө маалымат берилди. Европалык кесиптештердин шайлоонун жүрүшүндө электрондук технологиялардын аялуулугу боюнча жалпы кабатырлануусуна карабастан, Кыргызстандын делегациясынын чыгып сүйлөөсүн эске алып, жыйынтык резолюцияда аларды колдонууда оң тажрыйбанын бар экендиги белгиленди.

Конференцияда талкууланган маселелердин көпчүлүк бөлүгү кибер коопсуздукту камсыздоого, ар кайсы өлкөлөрдүн кибер чабуулдар же шайлоо процессине терс таасир көрсөтүү боюнча башка аракеттер көйгөйү жана тажрыйбасына тиешелүү болду. Кабыл алуучу өлкө катары Норвегия, кибер коопсуздук, жалган билдирүүлөрдү алдын алууу боюнча маалыматтык чаралар, кылмыш боюнча сот адилетүүлүгү, коомдук коопсуздук жана тартип маселелерин ичине алган шайлоо коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өз планын сунуш кылды.

Конференциянын алкагында белгиленгендей, шайлоолор боюнча жарандардын маалыматтуулугун жана укуктук маданиятын жогорулатуу жарандардын өз эркин түшүнүп билдирүүсүнүн гана шарты болбостон, шайлоолордун коопсуздугун камсыз кылуунун компоненттеринин бири да болуп эсептелет.

Венеция комиссиясынын колдоосу астындагы конференциянын алкагында БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова Австрия, Норвегия, Латвия жана Грузиянын делегацияларынын башчылары менен жарандардын шайлоо боюнча маалыматтуулугун жана укуктук маданиятын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасында Жарандык билим берүү борборун уюштуруу маселелеринде кызматташуу боюнча жумушчу жолугушуу өткөрдү.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>