Башкы Жаңылыктар БШК ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн …

БШК ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча иштерди улантууда

27-Апр, 2018

БШК ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча иштерди улантууда.

2018-жылдын 24-апрелинде БШКнын Кыргыз Республикасынын ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча Жумушчу тобунун отуруму болуп өттү.

Жумушчу топтун жетекчиси, БШК мүчөсү Б.С.Кадыров билдиргендей, КР БШК тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө шайлоо участкалары жана алардын жайгашуусу боюнча аймактар жана райондор боюнча жана имараттардын категориялары (мектептер, маданият үйлөрү, ФАПтар, ж.б.) боюнча маалымат жөнөткөн, жана ал маалымат тиешелүү министрликтерге, ведомстволорго жана аймактарга Өкмөттүн жетекчилигине административдик имараттардын, маданий мекемелердин, окуу-илимий жана мектепке чейинки билим берүү борборлорунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмасы менен жөнөтүлгөн.

Шайлоо участкалары негизинен мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин имараттарында, кээде жеке-менчик имараттарда жайгашкан. Жалпы республиканын аймагында жалпы улуттук добуш берүүнү уюштуруу үчүн 2 300дөн ашуун шайлоо участкалары түзүлгөн, алардын 1 633 окуу жайларынын (ЖОЖ, техникум жана колледж, мектептер жана лицейлер, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин) имараттарында; 334 маданият мекемелеринде (маданият үйлөрүндө, китепканаларда); 206сы административдик имараттарда жана муниципалдык аймактык башкармаларда; 32си саламаттык сактоо мекемелеринде жана 93 жеке менчик сектордо жайгашкан.

Добуш берүүчү жайды ыңгайлаштыруу добуш берүү процессиндеги инклюзивдүүлүк принцибинин маанилүү бөлүгү болуп эсептелет, анткени ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар шайлоо күнү шайлоо участкасына өз алдынча келип добуш берүүгө мүмкүнчүлүк алат. Белгиленгендей, административдик жана башка коомдук жайлардын шайлоолордо гана эмес, дайыма жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттин милдети болуп эсептелет.

Шайлоо участкаларынын (шайлоо участкалары жайгашкан имараттардын) жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалымат менен Билим берүү жана илим министрлигинин, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Бишкек шаардык мэриясынын, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрү чыгып сүйлөштү.

Отурумдун жүрүшүндө бул көйгөй боюнча аймактык бөлүмдөр деңгээлинде маалымат берүү жана чагылдыруу боюнча чараларды көрүү, бюджеттик пландоодо ведомствого караштуу имаратта пандустарды оңдоо же орнотууну карап чыгуу, ДСМЧ үчүн чөйрөнү долбоорлоого байланышкан маселелер боюнча адистерди окутууну карап чыгуу сунушталды.

БШК төрагасы Н.Шайлдабекова мамлекеттик органдарды имараттардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча милдеттердин көпчүлүгүн ушул шайлоолор аралык мезгилде чечүү үчүн бардык чараларды көрүүгө чакырды.

Отурумда ошондой эле ДСМЧ жарандардын шайлоолорго катышуусун камсыздоо маселелерин чечүүгө багытталган башка өлкөлөрдүн практикасы боюнча маалымат берилди. Шайлоо участкаларына ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жеткирүүгө жардамдашкан ыктыярдуулар топторун түзүү, ДСМЧ жарандарды акысыз ташуучу муниципалдык социалдык такси, арабачадагы жарандар УИК кезметчи-мүчөнү чакыруусу үчүн кире бериште “чакыруу кнопкасы” болуусу, ж.б. кызыктуу тажрыйба болуп эсептелет.

КР БШК бир канча шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө көрүүсү начар же көрбөгөн жарандарга Брайл шрифти менен басылган трафарет-бюллетендерди жана А4 форматындагы атайын чоңойтуучу лупалар сыяктуу кошумча каражаттарды колдонуп келүүдө. Акыркы шайлоодо ДСМЧ жарандарды мобилизациялоого багытталган “Кошунаңды ээрчите кел” акциясы Кыргызстандын натыйжалуу тажрыйбасы болуп калды.

Отурумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасындагы ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча иш планы талкууланды, анын ичинде жогорудагы маселелер боюнча Өкмөт менен бирге аракеттешүүнү улантуу, ДСМЧ жарандардын шайлоо маселелери жана КР саясий системасы боюнча маалыматтуулугун жогорулатуу үчүн КР Конституциясын жана башка китептерди Брайл шрифти менен чыгаруу, ДСМЧ көйгөйлөрүн партиялардын программасына кошуу боюнча партиялар менен иштешүү, ж.б. комплекстүү чаралар каралды.

Маалымат катары: Жумушчу топтун курамына ДСМЧ жарандар менен иш алып баруучу коомдук уюмдардын жана бирикмелердин өкүлдөрү, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү кирет. Жумушчу топ өз ишмердүүлүгүн “Эгль” КФнун жана ЕККУнун Бишкектеги программалык офисинин колдоосу менен ишке ашырат.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>