Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандаты …

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандаты С.Келдибаевге өткөрүп берилди

24-Апр, 2018

Бүгүн, 2018-жылдын 24-апрелинде, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалгандыгына байланыштуу, Жогорку Кеңештин депутаты А.С.Өмүрбекованын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Бош калган мандат “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмеси боюнча кезекте турган Сагындык Аширалиевич Келдибаевге өткөрүп берилди.

Бош калган мандатты өткөрүп берүүнү даярдоо процессинде, КР БШКсы С.А.Келдибаевдин талапкерлигинин мыйзамда орнотулган талаптарга ылайык келүүсүн изилдеп чыкты.

КР БШК талап кылган жаңы форма боюнча өзү жөнүндө маалыматтарды берүүдө С.Келдибаев 2006-жылы Россия Федерациясынын жарандыгын алгандыгын, жана ал жарандык жеке арызы боюнча 2014-жылдын 23-декабрында токтотулгандыгын билдирген. КР БШКга С.Келдибаевдин Россия Федерациясынын жарандыгы 2014-жылдын 23-декабрында токтотулгандыгы жөнүндө Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин 2018-жылдын 14-мартында берилген маалым каты тапшырылган.

Ошол эле учурда, 2018-жылдын 24-апрелинде КР БШКга бир катар коомдук уюмдардын (“Биз биргебиз” КУ, “Өзгөн айымдары” КУ, “Жаштардын демократиялык партиясы” саясий партиясы, “Жаштар Ынтымагы” демилгелүү тобу, “Жаштардын Республикалык Союзу” ЭКУ, “Демократ эл аралык институту” КУ, “Орион” КУ) өкүлдөрүнөн кайрылуу келип түшкөн, анда алар С.А.Келдибаевдин башка өлкөнүн жарандыгы бар же жок экенин кылдат иликтөө жүргүзүүнү суранып, төмөнкү документтердин көчүрмөлөрү тиркелген:

  • Ош облустук ИИБнын начальниги М.Бороновдун суроо-талабы боюнча Красноярск крайынын ИИБнын С.А.Келдибаев 2012-жылда паспорт алгандыгы жөнүндө 2015-жылдын декабрындагы каты;
  • 2012-жылдын октябрына карата С.Келдибаев “Асага+” ЖЧКнын жетекчиси болгондугу жөнүндө архивдик маалым кат.

Берилген көчүрмөлөрдү карап чыгып, БШК 2015-жылдагы Красноярск ИИБнин катында 2012-жылы паспорт алынгандыгы көрсөтүлгөндүгүн белгилейт. Бул катта суроо-талап алынган 2015-жылда Россия Федерациясынын жарандыгы бар экендиги көрсөтүлгөн эмес.

Бул маселе боюнча С.Келдибаев 2006-жылдан 2014-жылга чейин Россиянын жараны болгон учурда, россия мыйзамдарынын талаптары боюнча 45 жашка толгондугуна байланыштуу 2012-жылы паспорт алмашкандыгын түшүндүрдү. Ошондой эле 2012-жылда Россияда “Асага” ЖЧКнын директору болгондугун жана ал уюм кийин жабылгандыгын билдирди.

С.Келдибаевден анын жеке маалыматтарын топтоого жана иштетүүгө, анын ичинде КР БШК коомдук уюмдардын кайрылуусунда көрсөтүлгөн маалыматтарды тактоосу үчүн зарыл учурда башка өлкөлөрдүн компетенттүү органдары менен маалымат алмашууга макулдугу алынды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы түшүндүрмө берет: «Түндүк» аркылуу кол тамгаларды чогултуу кызматы добуш берүү системасы болуп саналбайт жана чогултулган кол тамгалардын саны шайлоонун жыйынтыгына таасир этпейт
19-Ноя, 2026

КР БШКсы түшүндүрмө берет: «Түндүк» аркылуу кол тамгаларды чогултуу кызматы добуш берүү системасы болуп саналбайт жана чогултулган кол тамгалардын саны шайлоонун жыйынтыгына таасир этпейт

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы мамлекеттик «Түндүк» тиркемесинде жана «Кол топтоо» сайтында (https://talapkerkoldoo.srs.kg) шарттуу талапкердин тесттик жазуусунун пайда болушуна байланыштуу кырдаалды түшүндүрөт.2026-жылдын 18-ноябрында президенттик шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоо инфраструктурасын жана маалыматтык системаларды жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүлгөн.«Кызмат» мамлекеттик мекемесинин жана «Түндүк» системасынын техникалык операторлорунун маалыматына ылайык, тестирлөөнүн жүрүшүндө тесттик жазуулардын бири Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдоо үчүн электрондук кол тамгаларды чогултуу сервисинде жаңылыштык менен көрсөтүлүп калган.Техникалык ката өз убагында аныкталып, ыкчам түрдө жоюлган. «Түндүк» системасынын операторлору тарабынан берилген маалыматтарга ылайык, кайра жүргүзүлгөн текшерүүдө ката маалыматтын чагылдырылышына гана тиешелүү болгондугу жана системанын иш жүзүндөгү маалыматтарына, анын ичинде чыныгы талапкерлерди колдоо үчүн чогултулган электрондук кол тамгаларга таасирин тийгизбегендиги тастыкталган.Ошол эле учурда эки өз алдынча шайлоо жол-жобосун: талапкерлерди колдоо үчүн кол тамгаларды чогултууну жана президенттик шайлоодо түздөн-түз добуш берүүнү так айырмалоо зарыл.Учурда жарандар «Түндүк» тиркемеси аркылуу тигил же бул талапкердин көрсөтүлүшүн колдой алышат. Мыйзамдарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары катталуу үчүн шайлоочулардын кеминде 30 миң кол тамгасын чогултуу талап кылынат.Электрондук кол тамга талапкердин көрсөтүлүшүн колдоону билдирет жана каттоо жол-жобосунан өтүү үчүн зарыл. Ал шайлоодо талапкер үчүн берилген добуш болуп эсептелбейт, жаранды кийинчерээк ошол талапкерге добуш берүүгө милдеттендирбейт жана президенттик шайлоонун жыйынтыгын аныктоодо эске алынбайт.Добуш берүү 2027-жылдын 27-январында шайлоо участкаларында өткөрүлөт. Шайлоочулар белгиленген идентификациялоо жол-жобосунан өтүп, шайлоо бюллетендерин алышат жана жашыруун добуш берүү шарттарында өз тандоосун жасашат.Аралыктан добуш берүүдө да жаран шайлоо участогуна жеке өзү келүүгө тийиш. Ал идентификациялоодон өткөндөн кийин ага шайлоо бюллетени басып чыгарылып берилет. Толтурулган бюллетень автоматтык эсептөөчү урнага салынат. Мыйзамдарда шайлоо жол-жоболорун көзөмөлдөө, бюллетендерди саноо жана байкоочулардын катышуусу каралган.Демек, «Түндүк» аркылуу кол тамгаларды чогултуу кызматы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүү системасы болуп саналбайт жана чогултулган кол тамгалардын саны шайлоонун жыйынтыгын аныктабайт.Ошондуктан кол тамгаларды чогултуу сервисинде тесттик жазуунун жаңылыштык менен көрсөтүлүп калышы өзүнөн-өзү добуш берүүгө  кийлигишүү болгонун билдирбейт. Аныкталган ката жоюлуп, чыныгы талапкерлерди колдоо үчүн берилген кол тамгаларды эсепке алууга таасирин тийгизген эмес.Аныкталган жагдайлардын негизинде бул техникалык окуяны алдыдагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү менен байланыштырууга негиз жок.Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо жол-жоболорунун сакталышын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдоо үчүн шайлоочулардын кол тамгаларын эсепке алуунун тактыгын камсыз кылуу боюнча көзөмөлдү улантууда.
Кененирээк билүү >>
Кыргызстанда шайлоо системасы жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүүдө
18-Ноя, 2026

Кыргызстанда шайлоо системасы жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүүдө

Бүгүн, 18-ноябрда, өлкө боюнча Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында шайлоо инфраструктурасын жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүлүүдө. Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.Тестирлөө өлкө боюнча 2 492 шайлоо участогун, ошондой эле Бишкек шаарындагы «Дордой Плаза» соода борборунда жайгашкан аралыктан добуш берүү участогун камтыйт.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров аталган участокко барып, аралыктан добуш берүү тартибин көрсөтүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.Тестирлөөнүн негизги максаты — шайлоо инфраструктурасынын жана техникалык жабдуулардын алдыдагы президенттик шайлоого даярдыгын текшерүү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Rise Up Kyrgyzstan жаштар демилгелүү тобу менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду
17-Ноя, 2026

КР БШКсы Rise Up Kyrgyzstan жаштар демилгелүү тобу менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду

17-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында БШКнын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБШТБ) менен Rise Up Kyrgyzstan жаштар демилгелүү тобунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Кызматташтык «Жаштардын тандоосу - келечек биздин колубузда» аттуу билим берүү демилгесин ишке ашырууга багытталган.Программа студенттердин жарандык жана шайлоо сабаттуулугун жогорулатууга, сынчыл ой жүгүртүүсүн жана медиасабаттуулугун өнүктүрүүгө багытталган. Ал 2026-жылдын 18-ноябрынан 18-декабрына чейин Бишкек шаарында өткөрүлүп, борбор калаадагы сегиз жогорку окуу жайынан 40 студентти камтыйт.Катышуучуларды шайлоо мыйзамдары, шайлоо укуктары жана добуш берүү жол-жоболору боюнча лекциялар, семинарлар жана практикалык сабактар, ошондой эле медиасабаттуулук жана жалган маалыматтарга каршы аракеттенүү боюнча тренингдер күтөт. Программанын жыйынтыгында университеттер аралык сынак өткөрүлүп, анда студенттерден түзүлгөн сегиз команда өз демилгелерин сунуштайт.Бул жаштар демилгесинин автору жана демилгечиси - Rise Up Kyrgyzstan тобу. Анын өкүлдөрү демилгенин концепциясын иштеп чыгып, иш-чаралардын календардык планын даярдап, кызматташуу сунушу менен КР БШКга кайрылышкан.Меморандумга БШКнын алдындагы ЖБШТБнын директору Анара Бейшембаева жана Rise Up Kyrgyzstan тобунун жетекчиси Нурмира Мурзакматова кол коюшту.«Жаштардын шайлоо процесси тууралуу билимин кеңейтүүгө болгон умтулуусун кубаттайбыз. Бул демилгенин өзгөчөлүгү - аны жаштардын өздөрү иштеп чыгышкан. Борбор зарыл болгон эксперттик жана усулдук колдоо көрсөтүүгө даяр», - деп белгиледи А. Бейшембаева.«Жаштар ишенимдүү маалымат алып, өздөрүнүн жарандык укуктары менен милдеттерин билип, коомдук турмушка аң-сезимдүү катышуусу биз үчүн маанилүү. Биздин демилгебиз колдоо тапканына кубанычтабыз», - деп баса белгиледи Н. Мурзакматова.2026-жылдын ноябрь айында Rise Up Kyrgyzstan тобу аталган демилгени Берлин шаарында өткөн Germany & Central Asia 2027 эл аралык форумунда да тааныштырган. Германиянын Copernicus Berlin уюму демилгеге кызыгуу билдирип, аны эл аралык аудиторияга чыгарууга сунуштаган.Тараптардын кызматташтыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ыктыярдуулук, өз ара урматтоо, ачыктык жана саясий бейтараптуулук принциптеринин негизинде жүргүзүлөт. Демилге билим берүү мүнөзүнө ээ.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады
13-Ноя, 2026

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады

Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктады. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, президенттик шайлоого катышууга 11 адам ат салышууда.Учурда талапкерлерди колдоо максатында шайлоочулардын электрондук кол тамгаларын чогултуу уланууда. Бул этап 2026-жылдын 8-декабрына чейин созулат. Мыйзамдарга ылайык, каттоодон өтүү үчүн ар бир талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултууга тийиш.Каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 13-декабрына чейин уланат. Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жетишпеген документтерди белгиленген тартипте тапшыра алышат.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 23-декабрына чейин жүргүзүлөт.Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. 
Кененирээк билүү >>