Башкы Жаңылыктар Борбордук шайлоо комиссиясына түшкөн кайрылуулар, арыздар жана билдирүүлөр

Борбордук шайлоо комиссиясына түшкөн кайрылуулар, арыздар жана билдирүүлөр

26-Окт, 2017

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бир катар тармактар боюнча Жумушчу топтор уюштурулган.Топтор шайлоо процесси учурунда аракеттеги мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу менен ыкчам режиминде иштешти.

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча, ошондой эле шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субьектеринин арыз, даттанууларын карап чыгуу боюнча Жумушчу топторуна шайлоо процессинин субьекттеринен 102 арыз жана даттануулар түшкөн, алардын ичинен:

  • 10у арыз берүүчүлөр тарабынан кайра алынган, 4ү укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн;
  • Арыз берүүчүлөргө маалыматтык жана түшүндүрүү багытындагы 20 кат жолдонгон;
  • Жумушчу топтор 35 чечим кабыл алышкан;
  • Борбордук шайлоо комиссиясы 31 чечим кабыл алган.

Арыз жана даттанууларды кароонун жыйынтыгы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдеринин ичинен 9у арыз берүүчүлөр тарабынан сотко даттанылган.

Райондор аралык сотунун чечими жана КР Жогорку сотунун токтому менен Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери негизделген жана мыйзамдуу деп табылган.

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерге карата 69 арыз түшкөн, алардын ичинен;

  • КР Президенти кызматына талапкерлердин кош жарандыгы боюнча–3 арыз түшкөн (арыз берүүчүгө баш тартылып, КР ЖК депутаттык комиссиясына кайрылууга сунушталган);
  • Талапкерлерди көрсөтүүнүн мыйзамдуулугу жөнүндө 2 арыз (арыз берүүчу кайра кайрып алган);
  • Талапкерлердин шайлоо фондусу жөнүндө 3 арыз (маалымат ирээтинде кат жөнөтүлгөн);
  • Мыйзамсыз үгүт жөнүндө 18 арыз (бузуулар аныкталбагандыктан 16 арызга баш тартылган, 2 арыз канааттандырылган, 2 талапкерге жазуу жүзүндө эскертүү берилген;
  • Диний ишмерлердин үгүт иштерине катышуусу жөнүндө 4 арыз, алардын ичинен 1өө КР БШКнын 2017-жылдын 7-октябрындагы №102 чечими менен бир талапкерге жазуу жүзүндө кайталап эскертүү берилген, 3 арыз жарым жартылай канааттандырылган).

Ошондой эле КР БШКнын 2017-жылдын 24-сентябрындагы чечими менен бардык диний уюмдарга жана ишмерлерге конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык үгүт кампаниясына катышууга тыюу салынгандыгы жөнүндө расмий кайрылуу жөнөтүлгөн;

  • Улуттук карама-каршылыкты пропаганда кылуу жана этникалык аралык келишпестик жөнүндө–19 арыз канааттандырылды жана Президенттикке талапкерге үчүнчү жолу жазуу жүзүндө эскертүү берилген;
  • Административдик ресурсту пайдалануу жөнүндө 15 арыз түшкөн, бардык арыздануучуларга тиешелүү далилдердин жоктугуна жана негизделбегендигине байланыштуу баш тартылган;
  • Шайлоо алдындагы үгүткө башка мамлекеттердин саясий ишмерлеринин фото-видео материалдарын колдонуу жөнүндө-2 арыз түшкөн (2017-жылдын 28-сентябрындагы чечими менен арыз берүү мөөнөтү бузулгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына бардык талапкерлерге өздөрүнүн үгүт иштеринде чет мамлекеттик саясий ишмерлерди пайдаланууга жол берилбестиги боюнча эскертүү жиберилген);
  • Шайлоочуларды сатып алуу жөнүндө 1 кайрылуу түшкөн, бирок арыз кайтарылып алынган.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын аккредитациясын чакыртып алуу же төгүндөө жана жарыяланган материалды алып салууга байланыштуу 15 арыз түшкөн;

1 арыз канааттандырылып, КР БШКнын 2017-жылдын 9-августундагы №44 чечими менен “Чагылган” интернет-басылмасынын аккредитациясы чакыртылып алынган.

12 арыз далилсиз болгондуктан канааттандыруудан баш тартылды;

2 арыз жарым жартылай канаатттандырылган.

Ошол эле учурда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун башынан аягына чейин бардык ЖМКларга карата тең салмактуу саясатты жүргүзүп келген.

Добуш берүү учурунда жана шайлоонун жыйынтыгы чыгып жаткан мезгилде өз убагында натыйжалуу чара көрүү максатында КР БШК ыкчам жыйынтык чыгаруучу Координациялык топ уюштурган.

14-16-октябрда аталган топко 168 кайрылуу жана билдирүү түшкөн. Координациялык топ тарабынан:

ЖМКларда бузуулар жөнүндө 20 билдирүү анализделип, алардын ичинен 14ү ырасталган эмес, коомдук тартипти бузган 3 материл да ырасталган жок, 2 билдирүү боюнча материал сотко жөнөтүлгөн, 1 факты боюнча ички иштер органдары кошумча териштирүү жүргүзүүдө;

КР ИИМге:

бардыгы болуп шайлоо мыйзамдуулугу бузулгандыгы тууралуу 64 билдирүү түшкөн, алардын ичинде добуш сатып алуу боюнча 30 сигнал болгон, алардын ичинен: 10 факты жөнүндө маалымат ырасталган жок.

6 факты боюнча ишки иштер органдары кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алышкан.

11 билдирүү боюнча материалдар сот органдарына жөнөтүлгөн, алардын ичинен 3 материал боюнча тараптардын тил табышуусунун негизинде сот иши токтотулган; 7 факты боюнча иш сот органдарынын өндүрүшүндө турат;

Добуш берүү күнүндөгү 8 сигналдын 5и ырасталган жок, калганы сот органдарына берилген;

Шайлоочуларды ташып келүү боюнча 2 билдирүү ырасталган эмес;

«Whatsapp» каналы аркылуу ыкчам жыйынтык чыгаруу Координациялык топко 55 билдирүү түшкөн, алардын:

  • 53 билдирүү тизмеден тактоого байланыштуу;
  • 1 билдирүү №5009 УШКдан бюллетендерди имараттан алып чыгуу боюнча (УШК мүчөлөрү тарабынан акт түзүлгөн);
  • 1 билдирүү № 1148 жана № 1149 УШК мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иштери жөнүндө, ички иштер органдары тарабынан текшерилген, УШКда бузуулар табылган эмес;

·шайлоочулардан форма 2 боюнча 14 билдирүү түшкөн, алар башка шайлоо участкаларга келишкен, бул боюнча тыкыр текшерүү жүрүүдө;

· 8 билдирүү шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн купуялуулугу бузулгандыгы тууралуу түшкөн, алар Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн тиешелүү аймактык шайлоо участкаларына жөнөтүлдү.

· 7 билдирүү коомдук тартип бузулгандыгы тууралуу түшкөн, алардын ичинен экөөсү боюнча кошумча текшерүүлөр жүрүүдө, үчөө боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылган, эки факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын Коомдук кабылдамасына, Бишкек жана Ош шаарларынан 973 кайрылуу (телефон чалуулар) түшкөн:

Биометрикалык маалыматтар боюнча – 24,

  • Кол коюлган барактар боюнча – 10,
  • Шайлоочулардын тизмеси боюнча – 250,
  • Үгүт боюнча – 31,
  • Байкоочулар боюнча – 13,
  • Добуш берүү жол жобосу боюнча – 108,
  • Даректүү шайлоо боюнча – 366,
  • Ар түрдүү суроолор боюнча – 168 билдирүү кабыл алынган.

Шайлоочулардын бардык суроолоруна жооп берилген. Айрым бир өзүнчө сигналдар боюнча маалыматтар ыкчам жыйынтык чыгаруу боюнча Координациялык топко берилген.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>