Башкы Жаңылыктар Үгүткө дин ишмерлерин тарткандыгы үчүн Ө. Бабановго эскертүү …

Үгүткө дин ишмерлерин тарткандыгы үчүн Ө. Бабановго эскертүү берилди

07-Окт, 2017

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С. Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Ж. Сманбаеванын 2017-жылдын23-сентябрындагы кириш № 01-12/2315 даттануусу келип түшкөн.

Берилген даттануусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Ж. Сманбаева (мындан ары–Арыз ээси) Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Бабановдун Ош шаарында шайлоочулар менен жолугушуусунда Камалов Садыкжан ажы Ө.Бабановду колдоо менен сөз сүйлөгөнүн көрсөткөн.

Арыз ээсинин сөзүнө караганда  бул бузуу тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү К.Осмоналиевдин «gezitter.org» интернет-басылмасына  2017-жылдын 22-сентябрындагы интервьюсунда белгилүү болгон.

Арыз ээси «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзамы) 22-беренесинин 15-бөлүгүн бузуу орун алган деп эсептейт, анткени Камалов Садыкжан ажы «Ислам Цивилизациясынын борбору» коомдук кайрымдуулук уюмунун президенти болгон, азыркы учурда Ош шаары, Кыргызстан көчөсү, 25-үй дареги боюнча катталган «Кыргызстандын Исламдык кызматташтыгынынэл аралык борбору» диний уюмун уюштуруучу жана анын жетекчиси болуп саналат. Берилген арызга арыз ээси «Кыргызстандын Исламдыккызматташтыгынынэл аралыкборбору» диний уюмун эсептик каттоо жөнүндө 1997-жылдын 18-сентябрындагы № 0048 ЦФО күбөлүктү, Юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө 1997-жылдын 9-октябрындагы ГР № 001922 күбөлүктү, «Исламдык кызматташтык эл аралык борбору» диний уюмунун Президиумунун 7 адамдан турган мүчөлөрүнүн тизмесин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин бул юридикалык жактардын электрондук маалымат базасынан көчүрмөнү тиркеген.

Өз даттануусунда Арыз ээси Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Бабановго жазуу жүзүндө эскертүү жасоону өтүнөт.

Арыз ээсинин далилдерин объективдүү карап чыгуу жана изилдөө, аларга баа берүү максатында Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топтор) биргелешкен отурумуна арыз ээси, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Бабановдуныйгарым укуктуу өкүлү Э.Ирискулбеков чакырылган.

Жумушчу топтордун 2017-жылдын 26-сентябрындагы биринчи отурумунун жүрүшүндө Арыз ээси Ош шаарынын шайлоочуларынын талапкер Ө.Бабанов менен жолугушуусун Ө.Бабановдун штабы уюштурганын түшүндүрдү. Мында Ө.Бабановдун штабы жолугушууну өткөрүү үчүн жайды бөлүү жөнүндө арыз тиешелүү менен Ош шаарынын мэриясына кайрылган. Келтирилген далилдерин ырастоо үчүн арыз ээси Ош шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 11-сентябрындагы № 871/08-4 катынын көчүрмөсүн берген.

Өз кезегинде Э.Ирискулбеков Кыргызстандын Исламдык кызматташтыгынын эл аралык борборундагы мүчөлүктү токтотуу жөнүндө, ден соолук абалы боюнча уюштуруучулардын курамынан чыгаруу жана Төраганын кызматынан бошотуу жөнүндө Камалов Садыкжандын арызын канааттандыруу тууралуу Кыргызстандын Исламдык кызматташтыгынын эл аралык борборунун мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун 2017-жылдын 7-сентябрындагы чечиминин көчүрмөсүн берген.

Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын, филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) бирдиктүү реестрине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгени же жоктугу жөнүндө маселени айкындоо максатында Жумушчу топтор Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине суроо-талап жөнөткөн.

КР Юстиция министрлигинин берген жообуна ылайык Камалов Садыкжан ажы «Кыргызстандын  Исламдык кызматташтыгынын эл аралык борбору» диний уюмунун жетекчиси болуп саналат.

Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине Камалов Садыкжан ажы «Кыргызстандын Исламдык кызматташтыгынын эл аралык борбору» диний уюмун уюштуруучу жана анын жетекчиси, Кара-Суу шаарындагы «Садыкжан  каары Камалуддин» медресесинин жана «Имам Азам» мечитинин уюштуруучу болуп санала тургандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын 2017-жылдын 27-сентябрындагы  каты келип түшкөн.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Ирискулбеков 2017-жылдын 28-майында С.Камалов  көрсөтүлгөн медресенин директорунун кызматынан бошотуу жөнүндө арыз жазганын билдирди.

Бирок бул арызды Э.Ирискулбеков көрсөткөн эмес. Көрсөтүлгөн жагдайга байланыштуу Жумушчу топтордун кезектеги отуруму 2017-жылдын 4-октябрына дайындалган. Мында С.Камалов «Садыкжан каары Камалуддин» медресесинин директорунун кызматынан бошотулгандыгын же жоктугу жөнүндө маселени айкындоо максатында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына жана Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгына суроо-талаптар жөнөтүлгөн.

2017-жылдын 4-октябрында Жумушчу топтордун кезектеги биргелешкен отуруму болуп өттү. Көрсөтүлгөн отурумдун жүрүшүндө Ө. Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү ден соолук абалы боюнча жана узак убакытка өлкөнүн чегинен тышкары чыгуу зарылчылыгына байланыштуу өзүн көрсөтүлгөн медресенин директорунун кызматынан бошотуу жөнүндө «Садыкжан каары Камалуддин» медресесинин уюштуруучулар кеңешинин дарегине С.Камаловдун 2017-жылдын 28-майындагы арызынын көчүрмөсүн көрсөттү. Ошондой эле Э.Ирискулбеков талапкер Ө.Бабановдун Ош шаарында шайлоочуларменен жолугушуусун Ө.Бабановдун штабы уюштурган, ал эми шайлоочуларменен жолугушууга чакырылган шайлоочулардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Төрөбаевдин штабы түзгөнүн билдирди. Б.Төрөбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Конутаев талапкер Ө.Бабановдун Ош шаарында шайлоочулар менен жолугушуусуна чакырылган адамдардын тизмесин  Б.Төрөбаевдин штабы түзгөнүн билдирди.

Ошондой эле Э.Ирискулбеков арыз ээси тарабынан «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары тарабынан кароо тартиби жөнүндө» Жобонун 1.9-пунктунда белгиленген эки күндүк мөөнөт өткөрүп жиберилгенин белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү У.Дооталиев «Кыргызстандын Исламдык кызматташтык эл аралык борбору» диний уюмунун Президиуму 7 адамдан турат, алардын ичинен азыркы учурда үчөөнүн көзү өткөн деп түшүндүрдү. Уставга ылайык «Кыргызстандын Исламдык кызматташтык эл аралык борбору» диний уюмунун жалпы чогулушу Президиум тарабынан чакырыла тургандыгынын жагдайын эске алып, У.Дооталиев Кыргызстандын Исламдык кызматташтык эл аралык борборундагы мүчөлүктү токтотуу жөнүндө, ден соолук абалы боюнча уюштуруучулардын курамынан чыгаруу жана Төраганын кызматынан бошотуу жөнүндө Камалов Садыкжан ажынын арызын канааттандыруу тууралуу «Кыргызстандын Исламдык кызматташтык эл аралык борбору» диний уюмунун мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун Чечиминен көчүрмөнүн легитимдүүлүгү жагынан шектенүүсүн билдирди.

Жумушчу топтордун биргелешкен отурумунда ошондой эле Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын Ош шаардык Мусулмандар казыятынын 2017-жылдын 3-октябрындагы  катына ылайык каралды, ага ылайык «Кыргызстандын Исламдык кызматташтык эл аралык борбору» диний уюмунун Президиуму 7 адамдан турат, анын төрагасы болуп Камалов Садыкжан ажы саналат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын буйругуна ылайык С.Камалов чындыгында эле «Садык каары Камалуддин» медресесинин директору болуп санала тургандыгы жөнүндө Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын Ош областтык Казыятынын 2017-жылдын 3-октябрындагы № 364 маалымкатын жөнөткөн.

Колдо болгон материалдардын жана арыз ээси менен талапкерлердин өкүлдөрүнүн көрсөтүүлөрүнүн негизинде, Борбордук шайлоо комиссиясы арыз ээсинин талаптары төмөнкүдөй негиздер боюнча канааттандырылууга тийиш деген тыянакка келди.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  конституциялык  Мыйзамынын 22-беренсинин 15-бөлүгүнө ылайык, үгүт жүргүзүүгө, ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга укугу болбогон адамдардын ичинде диний уюмдардын өкүлдөрү көрсөтүлгөн.

Жумушчу топтордун отурумдарынын жүрүшүндө талапкер Ө.Бабановдун Ош шаарында шайлоочулар менен жолугушуусунда Камалов Садыкжан ажы аны колдоп үгүттөө менен сөз сүйлөгөнү белгиленди.

 

Ошону менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясы С.Камаловду көрсөтүлгөн диний уюмдун жетекчисинин ыйгарым укуктарынан бошотууну ырастаган башка документ берилген эмес деп белгилейт. Ошондой эле «Кыргызстандын Исламдык кызматташтык эл аралык борбору» диний уюмунун жаңы жетекчисин дайындоо жөнүндө чечим берилген эмес.

Ошону менен бирге суроо-талаптарга Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын Ош шаардык  Мусулмандар башкармалыгы берген расмий жоопторго жана документтерге ылайык С.Камалов «Кыргызстандын Исламдык кызматташтык эл аралык борбору» диний уюмунун Президиумунун төрагасы, жетекчиси болуп саналат.

Ошентип, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер Ө.Бабановдун Ош шаарында шайлоочуларменен жолугушуусунун алдында үгүт жүргүзүү күнүнө карата Камалов Садыкжан ажы көрсөтүлгөн диний уюмдун төрагасы болуп саналган деп белгилейт.

Ушундай жагдайларда Борбордук шайлоо комиссиясы «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 15-бөлүгү бузулгандыгы жөнүндө тыянакка келди.

Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык, талапкер 22-27-беренелерде белгиленген талаптарды бузган учурда тиешелүү шайлоо комиссиясы ага жазуу жүзүндө эскертүү жасоого укуктуу.

Чакырылгандардын тизмесин Б.Төрөбаевдин штабы түзгөнү жөнүндө ыйгарымукуктуу өкүл Э.Ирискулбековдун далилдери жагынан Борбордук шайлоо комиссиясы С.Камалов сөз сүйлөгөн Ош шаарындагы шайлоочуларменен жолугушуу 2017-жылдын 13-сентябрында болгон деп белгилейт. Мында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Б.Төрөбаевдин жана Ө.Бабановдун биригиши 2017-жылдын 17-сентябрында болгон. Мындан тышкары, Арыз ээси берген Ош шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 11-сентябрындагы катынын негизинде талапкер Ө.Бабановдун Ош шаарындагы шайлоочулар менен көрсөтүлгөн жолугушуусун түздөн-түз Ө.Бабановдун штабы уюштургандыгы белгиленген.

Арыз ээси талапкер Ө.Бабановдун Ош шаарындагы шайлоочуларменен жолугушуусунун жүрүшүндөС.Камаловдун үгүтүнүн фактысы жөнүндө ал Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү К.Осмоналиевдин 2017-жылдын 22-сентябрында «gezitter.org» интернет – сайтында жарыяланган «Биз экс-муфтий Садыкжан Камалов боюнча Бабановго дагы бир эскертүү бере алабыз» деген интервьюсунан билгенин көрсөткөн. Даттанууну Ж.Сманбаева 2017-жылдын 23-сентябрында, башкача айтканда, ал ушул факт жөнүндө билгенден кийинки күнү берген.

Көрсөтүлгөн жагдайга  байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы Арыз ээси тарабынан арызды (даттанууну) берүүнүн мыйзамдарда белгиленген эки күндүк өткөрүп жиберилген эмес деп эсептейт.

Баяндалгандын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 28, 43-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча жумушчу топтун 2017-жылдын 4-октябрындагы биргелешкен Чечимин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С. Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Сманбаеванын 2017-жылдын 23-сентябрындагы  арызы канааттандыруу чечилди. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген талаптарды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Бабановго кайталап жазуу жүзүндөгү эскертүү берилди.

Кыргыз  Республикасынын диний иштер боюнча  мамлекеттик  комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына бир талапкердин шайлоо алдындагы үгүтүнө катышып, колдогондугу үчүн С.Камаловго  жазуу жүзүндө эскертүү берилди.

КР БШК  аппаратынын  маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>