КР БШК Ө.Текебаевди каттоодон баш тартты

05 сентября 2017

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 4-сентябрындагы жыйынында талапкер Ө.Текебаевди каттоодон баш тартуу жөнүндө маселе каралды. 

2017-жылдын 7-августунда  Борбордук шайлоо комиссиясы  талапкер Ө.Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн    38 643 кол коюлган барактарды кабыл алган.

Каржылоо эрежеси бузулгандыктан  КР БШКнын 2017-жылдын 17-августундагы  №48-чечими менен талапкер Ө.Текебаевдин 38 643 сандагы  кол коюлган барактары ишенимдүү эмес деп табылды.

2017-жылдын 22-августундагы Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечими менен талапкер Ө. Текебаевдин “Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 17-августундагы  чечимин мыйзамдуу эмес деп табуу даттануусун” канааттандыруудан баш тартылды.

КР Жогорку сотунун 2017-жылдын 30-августагы Токтому менен Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун  2017-жылдын 22-августундагы чечими күчүндө калтырылды.

Конституциялык Мыйзамдын  45-беренесинин 9-бөлүмүнө ылайык, КР Жогорку сотунун токтому чыккан күндөн тартып күчүнө кирет, биротоло болуп саналат жана арызданууга жатпайт.

Конституциялык  Мыйзамдын 49-беренесинини 1-бөлүмүндө Президенттикке талапкер 30 миңден ашуун кол топтогон учурда  катталышы мүмкүн деп айтылган. 

Конституциялык мыйзамдын 53-беренесинин 1-бөлүмүнүн 5-пунктуна ылайык,   Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер шайлоо  күрөөсүн төккөндүгүн тастыктаган документти  тапшыруусу керек.

Конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык каттоодон баш тартууга  төмөндөгүлөр негиз болот:

-шайлоо күрөөсүн төккөндүгү тууралуу документти тапшырбаганда. 

-шайлоочулардын талапкерди колдогон   жетиштүү сандагы ишенимдүү колдорун  тапшырбаганда .

2017-жылдын 31-августуна карата талапкер Ө. Текебаев шайлоо күрөөсүн төккөн документ  тапшырган эмес.

КР “Кыргыз Республикасынын Президентин  жана  КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык  Мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу  Ө.Текебаевди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартылды.

Ошондой эле талапкер Ө.Текебаевдин шайлоо жана каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү А.Жолдошбеков  менен А.Токтакунованын ыйгарым укуктары токтотулду. 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү