ШАЙЛДАБЕКОВА Нуржан Кармабековна

Шайлдабекова Нуржан Кармабековна

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Люксембург айылында 1968-жылдын 12-сентябрында туулган.

Билими жогорку. 1990-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин тарых факультетин бүтүргөн.

1994-жылдын октябрынан тартып 1995-жылдын декабрына чейин Дортмунд атындагы Европалык Изилдөө жана Эл аралык мамилелер институтунда стажировка өткөн.

2004-жылы КУУнун юридикалык факультетин аяктаган. Ошол эле жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1990-1991-ж.ж. - Окутуучу-стажер, Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин тарых кафедрасында лаборант.

1992-1994-ж.ж. - Улуттук илимдер академиясынын саясат жана экономика институтунун аспиранты.

1994-1995-ж.ж. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Эл аралык жана парламенттер аралык мамилелер боюнча  комитетинин 1-категориядагы адиси.

1996-ж.-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин  Тышкы экономикалык жана  эл аралык маселелер боюнча комитеттин эксперти.

01.1997-09.2004-ж.ж. - Эксперттик топтун башчысы, Жогорку Кенештин Эл аралык жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитетинин бөлүм башчысы.

10.2004-05.2005-ж.ж. - «ЦМС» ЖАКынын укуктук жана өнүктүрүү маселелери боюнча вице-президенти.

05.2005-06.2005-ж.ж. - Өзгөчө кырдаалдар министринин кеӊешчиси.

08.2005-05.2006-ж.ж. - Германия Федеративдик Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин биринчи катчысы.

04.2006-05.2007-ж.ж. - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Эл аралык байланыштар жана экстрадиция бөлүмүнүн башчысы.

05.2007-11.2009-ж.ж. – Юридикалык компаниянын директору.

11.2009-12.2010-ж.ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эксперти (мыйзам долбоорлоо ишине мониторинг, парламент менен өз ара аракеттенүү).

12.2010 - 01.2012-ж.ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мыйзам долбоорлоо ишин координациялоо тобунун жетекчиси.

02.2012 - 07.2015-ж.ж. - Кыргыз Республикасынын Президентинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары.

5.11.2015 - 06.23.16-ж.ж.- Кыргыз Республикасынын Президенттинин Аппаратынын жетекчисинин орун басары.

Мамлекеттик кызматтын  3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Юстиция министрлигинин 1-класстагы кеӊешчиси. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги. Кыргыз Республикасынын юстициясынын отличниги.