БЕКМАТОВ Абдыжапар Гапырович
Бекматов Абдыжапар Гапырович - Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары
1961-жылдын 15-январында Ош облусунун Ноокат районунун Эски-Ноокат айылында туулган.
Билими жогорку. 1983-жылы К.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун, 2008-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1983-ж. - Ноокат районундагы В.Чапаев атындагы колхоздун ветеринардык врачы;
1985-1987-ж.ж. - Ноокат районундагы В.Чапаев атындагы колхоздун башкы ветеринардык врачы;
1987-1990-ж.ж. - Комсомолдун Ноокат райондук комитетинин II катчысы;
1990-1991-ж.ж. - Компартиянын Ноокат райондук комитетинин партиялык уюштуруучусу;
1991-1995-ж.ж. - Ноокат райондук ветсанотрядынын жетекчиси;
1995-1996-ж.ж.- Ноокат районундагы Чечме-Сай айылдык комитетинин төрагасы;
1996-2000-ж.ж. - Ноокат районундагы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы;
2000-2002-ж.ж. - «Темир» мамлекеттик ишканасынын аткаруучу директору ;
2002-2010-ж.ж. - Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү;
2010-2015-жылдын октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты. Жогорку Кеӊештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекет түзүлүш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
Наамдары, сыйлыктары жана класстык чини:
Кыргыз Республикасынын «Ардак грамотасы», 2007-жыл.
Евразия парламенттер аралык Ассамблеясынын Ардак Грамотасы, 2011-ж.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын эмгек сиңирген кызматкери.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Үй-бүлөсү - 2 уул, 1 кыздын атасы.