Кадыров Бахтияр Сабиржанович
Кадыров Бахтияр Сабиржанович – выдвинут от Президентом КР
1963-жылдын 6-июлунда туулган.
Билими жогорку. 1986-жылы Кыргыз Мамлекеттик университеттин тарых факультетин бүтүргөн.
1986-ж. № 62-орто мектебинде тарых сабагынан мугалим жана комсомол комитетинин КГИТК катчысы болуп эмгектенген. 1991- 1992 ж.ж. Бишкектеги № 11 орто мектебинде мугалим болуп иштеген.
1992- 2010-жж. - Бишкек шаарындагы № 29 орто мектебинин директору;
2010-2015 ж.ж. - КСДП партиясынын V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты;
2015- ж. а.у.ч. - Бишкек шаарындагы № 29 орто мектебинин директору.
Дипломдор, грамоталар, "Даңк" медалы менен сыйланган. Билим берүүнүн отличниги. Кыргыз Республикасынын ардактуу мугалими (2008). СССРдин спорт чебери. Кыргыз Республикасынын Баскетбол федерациясынын вице- президенти.
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.