Башкы Шайлоо октябрь-2020 Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы

Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы

Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы Календардык план Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу! КР ЖК депутаттарын шайлоого катыша тургандыктарын билдиришкен саясий партиялардын тизмеси Саясий партиялардын шайлоо фонддору Шайлоочулардын алдын-ала түзүлгөн тизмеси жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасындагы УШК Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары УШК - - - - - - The Regulations “On the working arrangements, status and powers of international (foreign) observers during the elections and referenda of the Kyrgyz Republic” КР ЖКнын депутаттыгына саясий партиялардан катталган талапкерлердин тизмеси Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосунун жыйынтыктары октябрь-2020 - - - - - -

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Бишкек шаары, 2020-жылдын 2-июлу ПЖ № 139

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун жана "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына, жекшембиге дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бекиткен чыгымдардын сметасына ылайык бөлүп берсин;

2) шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулуктун, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын ден соолугун, укук тартибин жана коомдук коопсуздукту сактоо, анын ичинде шайлоо комиссияларынын жайларын жана добуш берүү үчүн жайларды кайтаруу, алардын өрт коопсуздугун, шайлоо документтерин ташыган транспорт каражаттарын коштоо жана кайтаруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;

3) шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук системалардын киберкоопсуздугун, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнүн системасы аркылуу маалыматтарды алмашууну камсыз кылууда, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн байланыштын үзгүлтүксүз жана коопсуз каналдары менен камсыз кылууда, шайлоочулардын тизмесин түзүүдө жана аны Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде актуалдаштырууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көмөк көрсөтсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылсын.

5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шарларынын мэрлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жетекчилери шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмелерин түзүү, тактоо, уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүү боюнча тиешелүү органдардын жана шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.

6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 3-июлундагы N 51 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков