2018-жылдын 13-майына дайындалган Жалал-Абад облусунун  Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин, Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешинин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн........

2018-жылдын 13-майына дайындалган Жалал-Абад облусунун  Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин, Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешинин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө

Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү боюнча Жалал-Абад облусунун Сузак, Токтогул, Нарын облусунун Ат-Башы, Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери аркылуу берилген сунуштарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4,  5-пункттарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 12-марттындагы ПЖ № 55 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин, Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешинин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.А. Конурбаевге жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын  24-марты
№ 61

Кыргыз Республикасынын Шайлоо 
жана референдум өткөрүү боюнча 
борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 
24-мартындагы  № 61 токтомуна 
тиркеме

Жалал-Абад облусу Сузак району

Көк-Арт айылдык кеңеши (Мандаттын саны - 21)

№ 1 Жалгыз-Жангак шайлоо округу  (УШК № 2062, № 2063, № 2414)

Борбору: “Кок-Арт” гимназиясынын имараты

Шайлоочулардын саны - 2634

Мандаттын саны - 10

Чек арасы: Үч-Малай жана Жалгыз-Жангак айылдары толугу менен.

№ 2 Жерге-Тал шайлоо округу (УШК № 2064)

Борбору: Айыл өкмөтүнүн имараты.

Шайлоочулардын саны - 2319

Мандаттын саны - 8

Чек арасы: Катмы участкасынан башка Жерге-Тал айылы толугу менен кирген аймактын чектеринде.

№ 3 Мазар-Булак шайлоо округу (УШК № 2415)

Борбору: Ж. Шабданов атындагы орто мектебинин имараты

Шайлоочулардын саны - 730

Мандаттын саны - 3

Чек арасы: Мазар-Булак айылы толугу менен жана Жерге-Тал айылынын Катмы участкасы кошулган аймактын чектеринде.

Токтогул району

Токтогул шаардык кеңеши (УШК № 2235, № 2236, № 2237, № 2238, № 2239)

Борбору: Токтогул шаардык мэриясынын имараты

Шайлоочулардын саны- 10764

Мандаттын саны – 21

Бирдиктүү шайлоо округу

Чек арасы: Токтогул шаарынын аймагы толугу менен кирет.

Нарын облусу Ат-Башы району

Казыбек айылдык кеңеши (Мандаттын саны - 11)

№ 1 Казыбек шайлоо округу (УШК № 4013)

Борбору:  Казыбек айылдык клубунун имараты, Аманалы кызы Ажар атындагы көчөсү, 13

Шайлоочулардын саны - 2378

Мандаттын саны - 9

Чек арасы: Казыбек айылынын калк отурукташкан аймагы жана бөксө кыштоолор кирет.

№  2 Жаңы-Күч  шайлоо округу (УШК № 4014)

Борбору: Ж.Кайыпов  атындагы орто мектептин имараты, Ж.Кайыпов атындагы көчөсү б/н, 

Шайлоочулардын саны – 573

Мандаттын саны - 2

Чек арасы: Жаңы-Күч  айылынын калк отурукташкан аймагы жана бөксө кыштоолор кирет.

Ош облусу Кара-Суу району

Төлөйкөн айылдык кеңеши (Мандаттын саны - 31)

№ 1 Озгур шайлоо округу (УШК № 5243)

Борбору: Озгур айылынын Ак-Буура орто мектебинин имараты

Шайлоочулардын саны - 946

Мандаттын саны - 2

Чек арасы: Озгур айылынын аймагы толугу менен кирет (Озгур №1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8 көчөлөр).

№ 2 Төлөйкөн шайлоо округу (УШК № 5244)

Борбору: Төлөйкөн айылынын Г. Айтиев атындагы орто мектебинин имараты

Шайлоочулардын саны - 2147

Мандаттын саны - 5

Чек арасы: Төлөйкөн айылынын аймагы толугу менен кирет (Г.Айтиев, Н.Сайдиев, А.Матанов, М.Кыдыров, П.Атаханов, Р.Раимбердиев, А.Турдубеков, Э.Боронов, Б.Бакиров, Р.Максутов, Ынтымак, С.Раимов, М.Маразыков, Б.Ормонов, А.Дейдиев, К.Айдаров көчөлөрү).

№ 3 Учар шайлоо округу (УШК № 5245)

Борбору: Учар айылынын Учар орто мектебинин имараты

Шайлоочулардын саны - 2029

Мандаттын саны - 5

Чек арасы: Учар айылынын Т.Сатиев, С.Балбеков, К.Топчубаев, Т.Эрматов, Ж.Асаев, Ж.Акчалов, К.Исаков жана Учар №1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8  көчөлөрү кирет.

№ 4 Жапалак шайлоо округу (УШК № 5550) 

Борбору: Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн китепканасы, Т.Умарбаев көчөсү № 1.

Шайлоочулардын саны - 1321

Мандаттын саны - 3

Чек арасы: Калмат, Саматов, Абылкасымов, Жапалак, К.Жээналиев, Т.Умарбаев, Тенизбаев, Жаштык жана Эски Коргон №42, 39, 41, 2, 3, 4, 5, Жапалак айылынын Саматова, Жээналиева, К.Калмат, ДЭУ-21, Ж.Абылкасымов, Жапалак көчөлөрү, Коргон айылынын Эски-Коргон көчөлөрү кирет.

№ 5 Кыргызстан шайлоо округу (УШК № 5246)

Борбору: Кыргызстан айылынын  О.Курбанбаев атындагы орто мектебинин имараты.

Шайлоочулардын саны - 1957

Мандаттын саны - 4

Чек арасы: Кыргызстан №1, 2, 3, 4, Коргон № 6, 7, 8, 9, 10, 11, М.Бегиев, Жаштар, Ынтымак, Достук, Т.Чопошев, К.Жаназаков, А.Базаров, Базар-Ата, Э.Төрөбаев, Төлөйкөн көчөлөрү кирет.

№ 6 Дыйкан-Кыштак шайлоо округу (УШК № 5247, № 5248, № 5513)

Борбору: Дыйкан-Кыштак айылы, Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн имараты

Шайлоочулардын саны - 5547

Мандаттын саны - 12

Чек арасы: Дыйкан-Кыштак айылынын Красина көчөсүнөн Полевая көчөсүнө чейин, Ала-Тоо, Т.Молдо, Соң-Көл, Темирязев, Пахтабад,  Х.Салиева, Маткаримов, Х.Салиев чолок көчөсү, Киров, Школьная көчөлөрү кирет. Дыйкан-Кыштак айылынын Полевая көчөсү Ысык-Көл,  Пахтабад, Х.Салиев, Т.Молдо чолок көчөсү, Уста Абдухалил, Каримов, Номонжанов, Матбабаев, Айсаков, Тажибаев, Мадалиев, Тешебаев, Нармурзаев көчөлөрү кирет. Дыйкан-Кыштак айылынын Синицина, Макаренко, Достук, Ноокат,  Мирный, Ферганский, Төлөйкөн чакан көчөсү, Юбилейный, Фергана чакан көчөсү, Амир-Темир, Мамыров, Кальцов, Жаны-Турмуш №1, 2, 3, 4, 85, Дыйкан-Кыштак №11, 12, 13, 14, 15, 16, 17, 18  көчөлөрү кирет