«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди
15-Июн, 2026
YouTube'дон көрүү
Башка видеолор
18-Авг, 2020
Консулдук каттоо
18-Авг, 2020
Өзүңүздү шайлоочулардын тизмесинен текшериңиз!
18-Авг, 2020
Өзүңүздү шайлоочулардын тизмесинен текшериңиз!
14-Авг, 2020
Шайлоо боюнча эл аралык эксперт Юлия Шипилова аялдардын шайлоо процессине катышуусу боюнча вебинар өткөрдү.
14-Авг, 2020
Шайлоо боюнча эл аралык эксперт Юлия Шипилова аялдардын шайлоо процессине катышуусу боюнча вебинар өткөрдү.
10-Авг, 2020
БШК Жарандык Платформа КФ менен биргеликте саясий партиялар үчүн вебинар өткөрдү
07-Авг, 2020
БШК шайлоо процессинин гендердик аспектиси боюнча вебинар өткөрдү
07-Авг, 2020
Саясий партиялар тарабынан үгүт жүргүзүү эрежелери
07-Авг, 2020
БШК Жарандык Платформа КФ менен биргеликте саясий партиялар үчүн вебинар өткөрдү
04-Авг, 2020