«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди
15-Июн, 2026
YouTube'дон көрүү
Башка видеолор
14-Ноя, 2022
БШКда Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнүнүн урматына БУУнун Башкы Ассамблеясынын жаштардын моделдик жыйналышы өттү
04-Ноя, 2022
ЖАШТАР ӨНҮГҮҮГӨ КАРАЙ
04-Ноя, 2022
ЖАРАНДАРГА ЖАҢЫ САНАРИП ТЕХНОЛОГИЯ
14-Окт, 2022
Добушуңду сатпа!
14-Окт, 2022
Добушуңду сатпа!
09-Окт, 2022
9- октябрь – Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо күнү
06-Окт, 2022
Карылардын эл аралык күнү жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда
06-Окт, 2022
БШК билим берүү тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт!
04-Окт, 2022
Нарында 80 жаштагы карыя өзүнүн электрондук китебин жазат
04-Окт, 2022