«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди
15-Июн, 2026
YouTube'дон көрүү
Башка видеолор
03-Янв, 2021
2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда башкаруу формасын аныктоочу референдум өтөт.
02-Янв, 2021
Талапкер ИНФОРМАЦИЯЛЫК РЕСУРСУ
02-Янв, 2021
Жаштар жана шайлоо
02-Янв, 2021
2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум өтөт
02-Янв, 2021
Добуш берүү жараяны
02-Янв, 2021
Шайлоо 2021: мыйзамдын сакталуусуна көзөмөл
31-Дек, 2020
Жүрөгүмдөн сөзү Улан Зайнидин уулу обону Мурзали Жеенбаев
29-Дек, 2020
Өзүңүздү шайлоо тизмесинен тактаңыз
29-Дек, 2020
ШАЙЛООЧУЛАРДЫН ТИЗМЕСИ ТАКТАЛУУДА
29-Дек, 2020