«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди
15-Июн, 2026
YouTube'дон көрүү
Башка видеолор
29-Июн, 2021
Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмелери жөнүндө жарандарга маалымат берүү үчүн «Талапкер» маалыматтык ресурсу
29-Июн, 2021
«Талапкер» маалыматтык ресурсу
22-Июн, 2021
Бишкек шаардык кеңешине кайрадан шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна дайындалды
21-Июн, 2021
Добуш берүү тартиби
21-Июн, 2021
Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоодо добуш берүү тартиби
21-Июн, 2021
Жаштар жана шайлоо. Келечек үчүн жоопкерчилик
21-Июн, 2021
Кыргызстандагы шайлоолордун өзгөчөлүгү – шайлоочулардын тизмесинде жаштардын өтө чоң бөлүгү
21-Июн, 2021
ДМЧ үчүн добуш берүү мүмкүнчүлүгү
21-Июн, 2021
ДМЧ үчүн добуш берүү мүмкүнчүлүгү
18-Июн, 2021