«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди
15-Июн, 2026
YouTube'дон көрүү
Башка видеолор
09-Апр, 2023
2023 жергиликтүү шайлоолор: Талас облусунда 3 айыл аймакта шайлоо өтүп жатат
09-Апр, 2023
2023 жергиликтүү шайлоолор: Ошто төрт айыл аймакта шайлоо өтүп жатат
09-Апр, 2023
Баткен 3 айыл аймактагы шайлоонун жүрүшү
09-Апр, 2023
КР БШК: Ыкчам байланыш борбору кызматта
09-Апр, 2023
Шайлоодо мыйзам бузуулар тууралуу маалымат
09-Апр, 2023
Талас облусунда айылдык кеңештерге шайлоо өз нугунда башталды
09-Апр, 2023
Баткен 3 айылдык аймактарында пилоттук электрондук добуш берүү апробацияланууда
09-Апр, 2023
Баткен 3 айылдык аймактарында пилоттук электрондук добуш берүү апробацияланууда
09-Апр, 2023
Нарын облусунун Жумгал районунуну 2 айылдык кеңешке шайлоо өтүүдө
09-Апр, 2023